Хаус аттуу өлкөдөгү шаардын биринде На-хан деген адам жашаптыр. Ал эң эле сараң киши болуптур. Узак жолдон чарчап-чаалыккан жолоочудан жарым кашык суусун да аячу экен. Токмок жесе да топтоп чогулткан байлыгынан бир тыйын чыгарчу эмес экен. Байлыгы болсо көп болуптур. Канча байлыгы бар экенин На-хан өзү да так билбесе керек.
Бир жолу ал жайлоодон түшүп келип эчкилеринин бири башын карапага салып алып чыгара албай жатканын көрөт. На-хан эчкинин башын карападан бошотом деп көпкө убараланат. Бирок анысынан майнап чыкпайт. Анда ал касапчыларды чакырып, көпкө соодалашкандан кийин аларга эчкисин сатат. Бирок эчкини сойгондон кийин карапаны бошотуп кайрып бергиле деген шарт коет. Касапчылар эчкини соет, бирок анын башын карападан чыгарып жатып, карапаны сындырып алышат. На-хан катуу ачууланат.
— Мен эчкини ансыз да арзан саттым, чыгымга түштүм, а силер болсо эми карапаны да сындырып салдыңар, — деп кыйкырат ал. Ызасынан ыйлап да жиберет. Ошондон бери ал эчки менен койлор дагы башын салып алып кайра чыгымга түшүрбөсүн деп, карапаларды жерге калтырбай, бийик жерге коюп калыптыр. Ал эми эл-журт болсо аны сараңдын сараңы деп атап калышыптыр.
Бугу ене