«Сага жакшылык кылганга эч качан жамандык кылба»
Бир ууру адам ары-бери чуркап буюм уурдоого ылайыктуу үй издеп жүрүптүр. Акыры баалуу буюмдары бар бир байдын үйүн табат. Анда баалуу эмеректер, сүрөттөр жана чыны идиштер бар эле. Булардан уурунун тим эле көздөрү чачырайт. Мунун баары бир чон капка гана батышы мүмкүн эле.
Бул ууру адам аябай каныккан тажрыйбалуу ууру болчу. Ал байдын үйүн байырлап, бир канча күн байкайт. Үйгө ким, качан, кайсы убакытта келээрин жакшылап билип алат. Үйдө эч ким болбогон убакытты билип алган соң, ошол убакытта даярданат да, ууру кылууга келет.
Бирок бир маселе бар эле. Ал маселе байдын ити болчу. Короодогу орсок тиштуу күчүктү кантип алдаарын билбей уурунун айласы кетет. Анткени орсок тиштүү күчүк үйдү тың кайтарчу. Ууру абдан тажрыйбалуу болгондуктан, ал түгүл үч ит кайтарган үйлөргө да оной эле кирчу.
Ууруга бир ой келет да, ал түн киргенде байдын үйүнө келет. Итке нанды берип, артынан чучукту көрсөтөт. Мына ушинтип ууру аны өзүн дос кылгысы келет. Кучук акырын уурунун жанына жакындап келет. Бирок ит ичинен: «Аттин, булар бизди оной эле алдап коебуз деп ойлошот ээ. Бир тиштем нанга алданып, үй ээсине чыккынчылык кылышыбызды күтүшөт. Мындай түн ичинде келген кишинин эмнеге келгенин мен билбейт бекенмин. Эмнеге ага ишенмек элем. Бул адамдын ниети албетте, жакшы эмес» деп ойлонот.
Ууру иттин оюн кайдан билсин. Ага жакындап келип, «Мына, алгын» деп чучукту таштаганда, ит чучукка карабай туруп так уурунун үстүнө атырылат.
Мындай нерсени күтпөгөн ууру иттен аран өзүн куткарып калат. Иттин жанынан качып чыккан ууру экинчи уурулук кылбайм деп уурулукту таштаганга өзүнө-өзү убада берген экен.