Жада калса жаман алачыгы да жок бир итке минген кедей бар экен. Бир күнү ал баардыгына кол шилтеп, байырлаган айылын таштап, башы оогон жагына жөнөйт. Жүрүп отуруп чарчаганында эс алгыча шам-шум этмекчи болот. Колдо барын жайып, мына-мына наар алгыча болбой маңдайына бир киши пайда болот.
— Тамагың таттуу болсун, — дейт ал.
— Ыракмат, — деп жооп берген кедей нанын күйшөйт.
— А сен эмне, конокту кел дебейсиң? — талап кыла сүйлөйт тиги.
— Сиз ким болосуз?
— Мен Кудаймын, — дейт тиги оозу-мурду кыйшайбай.
— Эгер Кудай болсоң эч нерсе бербейм. Анткени сенин калыстыгың жок. Бирөөлөрдү кедей кылып жараткансың, кээсин туулганда эле байлыкка бөлөйсүң.
Муну укканда өзүн Кудай санаган неме жыла басып алыстайт. Бул экөөнүн сүйлөшкөнүн жакын жерден өтүп бараткан Жаналгыч угуп, ага кедейдин тайманбастыгы жагып калат да басып келет.
— Тамагың аш болсун!
— Ыракмат.
— Эмне үчүн мени дасторконго кел дебейсиз?
— Сиз эмес Кудайды да чакырган жокмун. А сиз ким болосуз?
— Мен Жаналгычмын.
— Жаналгыч болсоңуз келиңиз, менин жупуну дасторконумдан даам сызыңыз. Анткени сиз адамдын бай-кедейин карабай жанын аласыз, калыссыз, адилетсиз.
Экөө тамактанып отурушту. Жаналгыч кедейден кайда баратканын сурады. Ал көздөгөн максаты жогун, башы оогон жакка баратканын айтты.
— Сен анда азыр кансарайга жөнө. Каныңардын кызы катуу ооруп жатат. Мен анын жанын алганы баратам. Бирок ал оюмдан кайттым. Анткени сендей кишиге жардам беришим керек. Ошон үчүн азыр кансарайга бар да, канбийкени айыктыра алаарыңды айтып, жолдон үзүп алган чөптөрдү кайнатып ичир. Канбийке дароо айыгып кетет. Сүйүнгөн кан сенин бардык каалоолоңду аткарат. Жөнө.
Кедей анын айтканын айткандай аткарат. Кызын өлүмдүн оозунан тартып алган кан да кедейдин бүт каалоосун орундатып, ал жыргап-куунап жашап калат.
Көрдүңөрбү балдар, Жаналгыч да адилеттикти жактырат.