Корейлер эң ыңгайсыз болсо да атамзамандан эле калдайган калпактарын чечпейт. А эмнеге дебейсиңерби?
Көрсө, те илгери корейлер дайыма эле падышага каршы кутум уюштурууну тымызын сүйлөшө беришчү экен. Мунун шек-шооратын туйган падыша да жөн жатмакпы, амалын табат да, буйрук чыгарат. Буйруктун негизинде камырдай ийленген ылайдан калкка калпак кийгизилет, болгондо да кырбуусу карыштан да узун.
Кырбуусу калдайган калпак кийген адамдар бирине-бири жакындай алабы; шыбырашалы десе – сөз угулбайт, катуу сүйлөшөлү десе – падышага узун кулактар сөз ташыбай коймокпу. Коркунуч ушул. Эң кокую – ылайдан жасалган калпак кийген киши урушка да жарамсыз, калпагынын кырбуусун сындырып алат. Кокус сындырып алганы – чоң айып төлөп же катуу жазага тартылар болот.
Күңк-мыңк болгон эл баштарына ылайдан жасалган кумара-калпак кийгенден бөлөк арга таппайт. Ошондон бери корей калкы козголоң уюштуруп, ыр-чыр кылабы, жокпу – белгисиз. Тек, мыйзам жолун аттоону үйрөнүп алышыптыр да: салмагы оор ылай калпакты түктөн, кылдан, самандан жасалган жеңил-желпи калпакка алмаштырып алышкан экен. Болгону – кырбуусу гана мурда кандай болсо, дал ошол калдайган бойдон калыптыр…