Бир күнү коëн менен кирпи жолугуп, коëн кирпиден минтип сурады:
-Сенин кийгенин кандай тон? Ылгый эле тикенек. Өзүңдүн түрүн да суук экен. Бутун кыска, тумшугун узун, кулагын кичине. Катуу жугүре албайсың.

Анда кирпи:

Сенин айткандарын туура, коëн. Бирок менин кийген тонум эң сонун. Бул тон мени ит менен карышкырдан сактайт. Кымтынып кийип алсам мага эч ким тие албайт. Сен өзүң сулуу болгонун менен меникиндей тикенектуу тонун жок. Үстүндөгү терин жука. Душмандан сактанууга сенин ак тонун жарам дуубу? деди.

Коён кирпиге:

Ырас сеники, досум. Менин тонум жука. Ит менен карышкырдын тиштери батып кетет. Бирок менин кулагым узун, алыстан угам. Өте күлүкмүн. Мен чуркаганда ит да, карышкыр да жетпей калат, деди.

К. Ушинский

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)45
Карышкыр менен бээ33
Карышкыр менен эчки31
Акылдуу балдар18
Суйуу жөнүндө жомок18
Акылдуу кыз жомок17
Карышкыр жана жети улак17
Бактылуу карылык жомок15
Тамсил: Кемпир жана тоок14
Алия менен жылкы11

Коён менен кирпи: 8 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *