Кыйтырдын кеңеши

1 чи Like басыңыз.

Ютландияда колдон суурулган эки алдамчы жашашыптыр. Биринин  эл койгон ылакап аты Шыпыр, экинчисиники Кыйтыр экен. Экөөнүн кылган иштери  алдамай болгону менен бири бирин таанышчу эмес тура.  Бирок алар акыры жолугушушуп,  алдамчылыктарын сынашып, ал мындайча болуптур.

Бир жолу кайран Шыпыр бир эле уюн жети касапчыга сатып акчасын жок кылат. Бирок бул жолу ал канчалык далбастаса дагы жети жагынан жети касапчы жети ач  карышкырдай талап, соттун алдына алып  барышат.

Башы менен жер сүзсө дагы түзүк ой,  оң арга таппаган Шыпыр акыры тагдырын чеччү сот болчу шаарга  жөнөйт.

Мына ал кандайдыр арга табыла калчудай болуп, шаардын кең көчөсүндө чытырман токойдо жалгыз калган баладай эки жакты элеңдей карап коюп, каңгый басып сот имаратына жакындап калды.

Аңгыча Шыпырдын соттолгону калганын угуп, бир кезигип амалкөйлүк боюнча күч сынашсам  деп жүргөн, азыр эми жол четинде күтүп турган  Кыйтыр  аны сыртынан таанып сылык-сыпаа түрдө кайрылды:

— Токтосоң  ак көңүл адам! Мен сенин туюкка кептелип, аргаң кетип турганын сыртыңдан байкап турам. Маселеңди айтсаң балким мен чечип берермин…

— Айтканда эмне! Суудан кургак чыккан мендей атагы чыккан алдамчы аргасын таппай турганда сенден кайдагы акыл?

— Ошентсе деле айтып көрсөң. Мен суудан кургак чыкпасам дагы ийненин көзүнөн өтүп кете алчу элем. Сенин эмнең кетип атты эле, көйгөйүңдү айтсаң мен ойлонуп көрөйүн.

Сууга чөгүп бараткан, айласы кеткен кишиге калкыган чамынды да кайык болуп көрүнөт. Анын сыңарындай Шыпыр дагы жардам бергиси келип жаткан киши айтылуу Кыйтыр алдамчы экенин билбей, көчө четине отура калып эле болгонун болгондой айтып берет.

— Ушул дагы кеппи! Мага мындай иштер чыйт түкүрүм. Жыйырма беш сомду колго сала кал  дагы, кырсыгыңдан сууруп алчу кеңешимди уга сал.

— Ээ жок! — дейт куулугу ашынган Шыпыр. — Сен биринчи кеңешиң менен мени абактан куткар анан жыйырма беш сомдон бирди эмес экини ал.

— Болуптур, сен айткандай болсун. Менин кеңешим сени соттон сууруп чыкса үч жыйырма бештикти алаканга саларыңа макулмун.

— Төрт жыйырма бештикке кеңешиңди айта бер.

— Беш жыйырма бештик жүз элүү сом болоруна ишенсең сотко киргениңде “Ээ койсоңчу” дегенден башка сөз айтпа. Саламың да, коштошконуң да, суроолорго жообуң дагы ушул сөз болсун. Түшүндүңбү?

Шыпыр буга макул болуп, сотко келди.  “Саламатсыңарбынын” ордуна “Ээ койсоңчу” — деп кирди. Атын сураса да, жөнүн сураса да ушул сөздү айтты.

Андан сот сурады:

— Сенин бир эле уйду жети касапчыга жети жолу сатып, жети жолу акча алганың чынбы?

— Ээ, койсоңчу!

— Сен мамлекеттик соттун суроосуна жөн жооп бер! Сен уйду сатканың чынбы?

— Ээ, койсоңчу!

Соттун жини шакардай кайнап чыкты, ал калчылдаган сөөмөйүн Шыпырга такап ар бир сөзүн тактап айтып, ызырынды:

— Шайтан… алгырдыкы!.. Се-ен! Би-ир уйду же-ети жолу саттың беле?!

— Ээ, койсоңчу! — эч нерсе болбогондой жооп берди Шыпыр.

Айласы кеткен сот сабыр кылып жай сурады:

— Жолдош айыпталуучу, сиз бир уй үчүн жети жолу акча алганыңыз чынбы?

— Ээ, койсоңчу!

— Аа балким алган эместирсиң…

-Ээ, койсоңчу!

— Ээ койсоңчудан башка сөз билбейт экенсиң. Какылдаган касапчыларды кантип алдадың?

— Ээ, койсоңчу!

Бир эле сөздү тоту кушча кечке кайталап, малча маңырайып турган Шыпырды сот эми боор ооруй карады. Акылы ордунда экенине шектенди.

Акыры тажаганда кагаздарын жыйыштырып,  арызчыларга кайрылды:

— Урматтуу жабырлануучулар, мен сиздердин ишиңерди териштирип бере албайм. Анткени бул жигиттин акылы жайында эмес окшойт.

— Каяктагы акылы жайында эместик?

— Бул арамзаланып жатат!

— Муну камакка тыкса, акылына келет!

— Мунун алдамчылыгы башынан ашкан!

— Бул кадимки алдамчылыгы менен аты чыккан Шыпыр!

— Урматтуу сот бул сизди дагы алдап жатат!

— Сот болсоң адилет чеч! — дешип жети касапчы сот залына ызы-чуу салып жиберишти.

Сот коңгуроосун каккылаганда баары тынчый түшүп:

— Ээ, койсоңорчу! — дегенинде эми касапчылар бул сөздө кандайдыр сыр бардан бетер Шыпырды бир, сотту бир карашып, алар дагы  белимчиден бетер жапырт:

— Ээ койсоңорчу! — деп жиберишти.

Сот иш аяктаганын жарыялап, дале болсо эч нерсе болбогонсуп турган Шыпырга кайрылды:

— Сен бара берсең болот. Бошсуң!

— Ээ, койсоңчу! — деп Шыпыр кайрадан маңырайганында сот кызматкерлери аны желкеден алып, дегдеңдетип барып сыртка түртүп жиберишти.

Ал эми жол четинде Шыпырды күтүп турган Кыйтыр анын соттон кутулуп чыгып, өзүн унутуп калгандан бетер такыр башка жакты карай кетип баратканын көрүп, артынан жетип барып ийинден тартты.

— Эй токто! Сүйлөшкөн боюнча жүз элүү сомду таштап кет!

— Ээ, койсоңчу! — деген Шыпыр артына карап койбой өз жолу менен кете бергенинде гана Кыйтыр өзүнүн утулганын түшүндү.

Ал эми элге Шыпыр Кыйтырды жеңиптир, “ууруну каракчы тонойт” дегендей эле болуптур деген сөз тарады.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алданган карышкыр жомок237
Таранчы менен түлкү206
Акылдуу дыйкан204
Ырыс алды — ынтымак193
Акыл карачач188
Ууру үкү135
Муз чолпу107
Көмөч нан (колобок) жомок89
Чоң кумурска менен кичинекей кумурска76
Жоогазын60

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.