Бир күнү өтүнүч менен келгендердин арасынан те бурчта отурган адам гана падышадан эч нерсе суранбайт.
Аны көргөн падыша өз башын сылап койду. А тиги адам таазим эте жүгүнүп, оозун сылады. Падыша өз жүзүн сылады эле, тиги кокосун сылады. Падыша өзүнүн курсагын сылап койду эле, тиги өзүнүн бутун сылады.
– Мага өтүнүч менен келген бул адамга бир куюм алтын тартуулаймын! – деди падыша.
Казыначы «лаппай» деп аткарды муну. Үнсүз адам алтынды алып, чыгып кетет. Буга падышанын кошоматчы кеңешчилери абыдан нааразы болуп, падышадан сурашты:
– Сиз ушунча айкөлдүк көрсөткөндөй: бу тексиз салпаяк эмне кылып жиберди?
– Көсөмдүгү үчүн, – деди кабагы жаркып күлгөн падыша. – Даанышманга үч суроо берип, үчөөнө тең жооп алдым.
– Бирок биз суроо-жоопторуңарды укканыбыз жок ко? – вазири нааразы болгонсуду.
– Көзүң болсо – көрөт элең, кулагың болсо — угат элең, – деп падыша күлдү. – Башымды сыладым эле, даанышман түшүндү. Мен андан: «Биз эмнеден көп жаңылыштык кетиребиз?» десем: «Ойлонбой айткан сөзүбүздөн», – деди акылман. «Адам өз жүзүнөн канткенде ажырайт?» деп сурасам: «Күнүгө шапар тээп, байлык, бийлигин кокосуна короткондор», – деп жооп берди даанышман. «Бирок адам дегениң өз курсагынын кулу эмеспи?» деп сурадым эле, даанышман мага: «Жок, – деди, – адамга бут жумуш таап эмгек кылуу үчүн берилген. Буту шилтенген адам кереметтүү жарык дүйнөдө өмүрүн сая кетирбеши керек», – деп жооп айтты.
Муну айткан падыша аксарай кошоматчыларына карап күлдү да, муну кошумчалады:
– Силер да алдыңарга келген даанышмандын пайдалуу накылын эстен чыгарбагыла, демек: «Осол кылат ооз дайым, бут иштесе –аш дайын!»