«Жөнү жок ант бербегин, анткени анын акыбети катуу»

Бир адам досуна ишенип аманат акча берет экен. Ал адам досуна аябай ишенгендиктен эч күбөлөрдү катыштырбайт.

Ошентип арадан кеп жыл өтөт. Бир күнү акча берген киши досуна келип акчасын сурайт. Досу болсо тан калып:

— Ой койчу досум, кайдагыны айтып тамашалабачы. Сен мага эч кандай акча таштаган эмессиң го,- дейт.

Акча берген киши уккан кулагына ишенбей кайра акчасын сурайт. Досу дагы деле акча албаганын айтат.

Акыры акча берген киши: «Демек бул досум мага акчамды кайра бербеймин деген ойдо турбайбы» деп ойлонот да досуна карап:

— Досум, экөөбүз анда сотко баралы. Ошол жерде сотко ант берип, анан албаганынды айтасын,- деп шарт коёт.

Досу бул оор шарттан коркуп кетет. Анткени, ант берүү оной иш эмес эле. Ал жообун эртен берүүсүн айтат да, уйунө кетет. Ошентип ал уйунө барып, кантип баш тартууну ойлоно баштайт. Акыры шаардан чыгып кетууну чечет. Ал ошентип шаардан эми чыга бергенде астынан чоочун бир адам жолугуп калат. Анан ал адам менен баарлаша кетет да, анын ким экенин сурайт.

Ал адам:

— Мен антмын. Жасалбаган ишке «жасалды» деп ант берген инсанга жазасын берүү үчүн барамын,- дейт.

Бул жоопко тиги кишинин жүрөгү түшүп коркуп кетет да:

— Аа сен канча жылдан кийин кайтып келесин?- деп сурайт.

— Кээде 40 жылда, кээде 30 жылда кайтып келем,- дегенде тиги бир аз эс ала түшөт.

Анан «Сотко барып жооп бере берейин» деп ойлонот да, кайра шаарга кайтып келет.

Эртеси куну акча берген досу экөө соттун алдына барышат. Сот алгач акча берген адамды угат. Андан сон акча алган адамдан акча алганын сурайт. Акча алган адам коркпостон эле: «Мага эч ким акча берген эмес» дейт

Дал ошол учурда баягы шаар сыртында жолуккан ант пайда болот. Жалгандан ант берип жаткан адам, аны көргөндө үрөйу учуп, коркуп кетет. Ант аны суйрөп алып, жарга мына ыргытайын дегенде, жалганчы адам:

— Сен кечээ кеткен жериме эң аз кырк жылдан кийин келем дебедин беле? А сен болсо, мага дароо эле келип калдың го,- дейт.

Жини келген ант:

— Кыжырыма тийгендерге ушинтип дароо эле келип калам, — деген экен.

Ал эми жалганчы адам кылган ишине мин арман кылып өкүнүптүр. А бирок баары кеч болуп калган эле.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок49
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи25
Акылдуу балдар23
Көмөч нан (колобок) жомок20
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу кыз18
Кырк калп жомок15

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *