«Сараң адам — ырыскыны качырат»

Бир өлкөдө бир кембагал адам жашаптыр. Ал аябай кембагал болгондуктан дайыма бай болгонду самачу экен. Бир күн болбосо бир күнү бул каалоосу сөзсүз ишке ашаарына ал абдан ишенчү. Бай болууну күнү-түнү кыялдана берчү. Жада калса, байыгандан кийин эмне кылаарын да ойлочу экен.

Бир күнү бул кембагал үйүндө жалгыз жатып алып бай болгонду кыялданып отурса, дубалдан бир эргежээл адам чыга келет. Ал эргежээл кедейге карап:

— Салам, мен жин деген боломун. Көп убакыттан бери сени байкап жүрөм. Канчалык бай болгун келгендигин да көрүп турам. Мен сенин ушул каалоонду орундатуу учун келдим. Эми сага капчык берейин жана мындан кийин ал сеники болсун. Анын ичинде бир алтын тыйын бар. Аны иштеткен сайын ордуна башкасы пайда болот. Мындайча айтканда капчыктан алтын эч качан жок болбойт. Эми сен кыялданганындай бай адамсын, — дейт да, кайра көздөн кайым болот.

Байкуш кедей алгач айтылгандарга ишене бербейт. Бирок, колундагы капчыктын ичиндеги бир алтын тыйынды көргөндө, бул окуя түш эмес өнүндө болуп жаткандыгына ишенет. Коркконунан жана толкундангандан эргежээлге рахмат айтууга да жетише албай калат.

Эргежээл айткандай капчыкты ачаары менен биринин артынан экинчи алтындар пайда болуп калат. Кубанганынан улам бирөөсүн алып, капчыкты ачып-жаап кайталайт. Алтындардын пайда болуусу токтобостон кайталана берет. Кедейдин алаканына алтындар толуп кетет.

Жүрегү жарыла сүйүнгөн кедей отуруп алып кайра кыялдана баштайт…

«Эми үйдү ондотушум керек… Үйдүн алдында чон багым болсо… Эми арыбери жөө баспай, айдаганга машинам болсо… Бирок буларга ээ болуш үчүн бул алтындар жетпейт… Дагы мындан да көбүрөөк болушу керек…»

Ушул ой менен кедей капчыкты ачып-жаап алтындарды көбөйтө берет. Бул ишти бир ай бою улантат. Акырында үйүнүн баары алтынга толуп кетет. Бирок, кедей бирин да колдонбойт. Кайра дагы мындан да көп болушун каалайт.

Ошентип кедей убакыт өткөн сайын акча топтоодон башка иш жасабай калат экен. Айлар жылга алмашып, кедейдин чачына ак тушуп, картая баштайт. Күн өткөн сайын кедейдин сарандыгы күчөй берет. Бара-бара тамак үчүн каржылоону да ашыкча иш деп эсептей баштайт. Ошондуктан аз жеп, аз ичип, арыктап да кетет.

Аягында буга да чыдай албай, аябай алсырай баштайт.
Ден-соолугу начарлагандан улам начарлайт.

Коңшулары кабар алуу үчүн үйүнө киришип, кедейдин алтындардын арасында кыймылдаганга алы келбей жатканын көрүшөт. Буга боору ооруган коңшулары ага жардам беришет. Мындан кийин бул алтындарды минтип сактабай, жашоосу үчүн колдонуусу керектигин катуу эскертишет. Болбосо, сарандыгынын айынан алтындардын пайдасын көрбөй өлүп калаарын да жакшылап түшүндүрүшөт.

Кошуналары кеткенден кийин кедей ойлонуп отуруп, акыры алтындарды сактоо учун эмес, жашоодо колдонуу учун берилгендигин түшүнгөн экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Көмөч нан (колобок) жомок29
Сараңдык - Кармаганы алтынга айланган Падыша25
Алия менен жылкы20
АПЕНДИ ЖАНА ЭШЕК18
Алтын балык13
Атанын осуяты жомок13
Акылдуу балдар12
Кедей бактысы12
Акылдуу кыз жомок11
Карышкыр жана жети улак11

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *