Сырдуу сака 2

Илгери бир кедейдин баласы байдын баласы менен чүкө ойноп жатып, чүкөлөрүнүн баарын байдын баласына уттуруп жиберет. Жалгыз сакасын кармап алып ыйлап отурса, көз жашы сакасына төгүлөт. Ыйлап отуруп: «Менин да жүздөгөн коюм болсо эмне, чүкөлөрүмдү да уттурдум», — деп кыялданып жатып уктап калат.

Эртең менен эрте ойгонуп, бала өз көзүнө өзү ишенбейт. Тегерете койлор жуушап жатат. Койлорду үйүнө айдап барып, ата-энесине баарын айтып берет. Чүкөсүн уттурган байдын баласына да айтып берет.

Байдын баласы атасына болгонун айтат. Ошондо сырдын баары сакада экенин билип, дагы байыгысы келет да:

«Тиги жолдош балаңдын чүкөсүн бүт чүкөндү берсең да, бир койго сатып алсаң да алып кел», — дейт.

Эртеси бала бүт чүкөсүн бир сакага алмашып, атасына алып келип берет. Аны бай менен баласы экөө тең таң атканча тирмийип тиктеп отуруп, таңга жуук уктап кетет. Эртең менен турса бүт малы кырылып калган болот. Ачуусу келген бай саканы отко ыргытат. Жалындаган оттон он эки айры мүйүздүү бугу чыгып, токойго кирип кетиптир.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)12
Алтын балык10
Жетим менен сыйкырчы жомок10
Көмөч нан (колобок) жомок9
Алия менен жылкы7
Акылдуу кыз жомок6
Кичинекей жалбырак жөнүндө жомок6
Акыл карачач3
Атанын керээзи жомок3
Бакыт-таалай каякта?3

Сырдуу сака: 19 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *