Бир ирет эки янкинин ортосунда абдан кызыктуу сүйлөшүү жүрдү.

— Мистер Блитц, сиз уктуңузбу, нантекеттиктер жаңгак жасоочу станок ойлоп табышканын?

— Чын элеби? Ал немеси кантип иштейт экен?

— Жөпжөнөкөй! Жанагы эт туурагыч сыяктуу эле иштейт экен, чоң тешигине жаңгактын сөңгөгү менен бутактарын салып, бурагычын айлантканда биягындагы майда тешиктеринен жаңгактар тоголонуп түшө баштайт да, майда таарындылары болсо жүгөрү, буурчак, андан майдалары буудай менен тарууга айланып чыга келет экен, муну мен өз көзүм менен көрдүм.

— Машина болбосоң коё кал!

— Ооба, бирок “Атлантида менен салыштырып болбойт!

— “Атлантидаң” эмнең?

— Атлантида селедкасын тазалап жедирчү машинка.

— Кантип жедирет?

— Жөпжөнөкөй! Бул деле эт туурагыч сыяктуу иштейт: чоң тешигине селедканы саласың, кичине тешиктерине оозуңду тососуң да бурагычын айлантасың, бүттү, балыктын кылкандары менен ичеги карды тазаланып, өзү бышып, чайналып отурбай майдаланып, түз эле кардыңа барып түшөт.

— Ох-оо! Укмуш го!

— Бирок ошол Атлантиданын айынан мен бир жолу өлүп кала жаздагам.

— Кантип?

— Ошентип белен балыкка курсак кампайтмакчы болуп, “Атлантидага” оозумду тосуп, бурагычынан айланттым эле, бул станок тетирисинче иштеп, балыктын жумшак этин сыртка ыргытып, бүт кылкандары менен ичеги-кардын алкымымды карай уруп салбаспы, окшуп атып аз жерден өлүп кала жаздагам.

— Эмне, машина бузулуп калыптырбы?

— “Атлантидада” күнөө деле жок экен. Кептин баары өзүмдө экен. Көрсө, сологой жаным солду карай бурап жибергенимде машина тетирисинче иштеп кетип, какап калыпмын.

— Мына сага, машина болбосоң коё кал! Чын эле янкилер чоң ойлоп табуучулардан болобуз ээ…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Көмөч нан (колобок) жомок30
Сараңдык - Кармаганы алтынга айланган Падыша25
Алия менен жылкы20
АПЕНДИ ЖАНА ЭШЕК18
Алтын балык13
Атанын осуяты жомок13
Акылдуу балдар12
Кедей бактысы12
Акылдуу кыз жомок11
Карышкыр жана жети улак11

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *