Жакшылык кылуу бактылуулукка алып барат

Илгери-илгери өткөн заманда бир шаарда карыган бир адам жашаган экен. Анын бир эле баласы болуп, ал баласы чабандык кылып, мына ушул менен алар жан багышчу.

Бир куну чабан бала койлорун бир көлдүн жээгиндеги жайытка жаят. Койлорун кайтарып отуруп көлдөн бир балыкты көрөт. Бала көлгө жакындап келип ал балыкты кармайын десе балыкка тил кирип:

Чабан бала, мени өлтүрбө, суранам. Мен сага кыйынчылыкка кезиккенинде жардам берем, — деп суйлөп жиберет.

Анда чабан бала:

— Мен кыйналганда сени кантип табам? — деп сурайт. Сыйкырдуу балык балага сыйкырдуу калактарды берет да:          

— Мына бул калактарды алгын. Кыйынчылыкка туш келгенинде көл жээгине келип калактарды бир-бирине сүртөсун. Мына ошол учурда мен келип сени таап алам, -дейт.

Буга кубанган чабан бала ушинтип уйунө олжолуу кайтат. Үйүнө баратып ал жолдо мүйүзү бутактарга тыгылып калган кийикти керет. Чабан бала сүйүнүп, канжарын сууруп чык канда кийик да дароо тилге кирип:

Ай жаш бала, мени өлтүрбө. Сен кыйналганда мен сага жардам беремин, — дейт.

Чабан бала:

Кантип?-деп сурайт.

Тугумдөн бир аз жулуп ал. Кыйынчылыкка туш келген кезинде бир-бирине суртсөн, мен пайда боломун, — дейт. Чабан жаман оюнан кайтып, кийиктин мүйүзүн бутактардан чыгарып, кыйынчылыктан куткарып калат. Кийиктин жунунөн бир тутам жулуп алып, аны кое берет.

Мына ушинтип чабан бала үйүн карай жолун улайт. Эми анын жолунан энтиккен тулку чыгат. Ал аябай жан-алы калбай чуркап бара жаткан экен. Анан ал чабан балага ыйламсыраган ун менен:

— Ай жаш жигит мени тиги ызылдаган иттерден куткарчы сураныч! — деп жалынып кирет.    

Анда чабан бала тулкугө боору ооруп кетип, аны иттер өтуп кеткенче жашырып коёт. Иттер өтүп кеткен сон, чабан бала тулкуну чыгарып жиберет. Буга тулку аябай сүйүнөт да, куйругунун жүнүнөн экөөнү жулуп берип:

Кыйынчылыкка туш болгонунда буларды бир-бирине сүртсөн, сага жардамга келем, -дейт да, өз жолуна тушөт.

Ушинтип жаш чабан көптөгөн окуяларга туш болот экен. Анан жолдо келе жатып ушунчалык кооз уйдү көрөт. Бул кооз уй ошол жерде жашаган байдын уйу болот. Үйду карап турганда бир карыган аксакал жанына келип:

— Балам бул жерде бай жана анын жалгыз кызы жашайт. Байдын кызы аябай сулуу. Ал сулуу болгону менен аябай текебер. Анын колун сурап көптөгөн инсандар келген. Бирок эч кимисине макул болгон эмес. Баарына: «Силер жашынгыла, тапсам елөсунөр, таппасам силерге макул болом деп шарт коёт. Анан баарын жашынган жеринен таап алып, өлтуртуп салат. Эми сен да алданып, мына ушундай ишке кириптер болуп калба, балам, — деп башын чайкайт. Жаш чабан ага:

— Сиз эч ойлонбонуз аксакал, — дейт жылмайып.     

Анан ал үйгө тигиле карап:

— Эй бай, мен сенин кызынды алганы келдим! — деп кыйкырат.

Муну уккан бай кызына:

Кызым тиги сыртта кыйкырып жаткан балага жооп бер.

дейт.

Атасынын айтканын уккан кызы терезеден чабанга карап:

— Эй жаш адам, сен барып бир жерге жашынгын. А мен сени издеп табайын. Таап алсам башын кетет. Таба албасам мен сага турмушка чыгам. Уч жолу жашынганга мумкунчулук берем, — дейт.

Мунун уккандан кийин жаш чабан көлдүн жээгине барып, калактарды бир-бирине сүртөт. Бир убакта балык суудан чы гып:

— Сага кандай жардам керек?- деп сурайт.

Жаш чабан болгон окуянын баарын төкпөй-чачпай ага айтып берет. Балык чабанды көлдүн эң терен жерине алып барып, жашырып коет. Бирок байдын кызы үйүнүн эң бийик жерине чыгып, баланы таап алат да, чабанга:

— Мен сени таап алдым. Эми кайрадан жашын, — дейт.

Анан чабан кийиктин тугун бир бирине суртөт. Кийик дароо пайда боло калат. Жаш чабан ага да болгон окуяны айтат.        

Анда кийик аны токойдун эң чытырман жерине алып барып жашырат. Бирок кыз баланы дагы таап алат да чабанга: дейт.

-Эми акыркы мүмкүнчүлүгүн калды. Кайрадан жашын, — Айласы түгөнгөн чабан акыркы мүмкүнчүлүгүн колдонуу үчүн түлкүгө барат. Түлкүгө да баарын төкпей чачпай айтып берет. Тулку чабандын арманын уккан сон, бир аз ойлонуп туруп:

-Жүру, кымбат баалуу терилерди саткан базарга баралы, — дейт.

Экөө базарга барып, көптеген терилерди сатып алышат. Анан тулку чабанга:

— Сен капка тушуп, терилердин арасында отуруп аласың. Мен терилерди байдын эшигине алып барып сатам. Сен ал жерге барганда байкатпай дароо байдын кызынын артына жашына коёсуң. Ошондо ал сени таба албай калат, — дейт да аны капка салып алып, байдын эшигинин астына келип би йик ун менен:

— Кымбат баалуу терилер, терилер, алгыла. Арманда кал багыла! -деп кыйкыра баштайт.

Муну уккан байдын кызы дароо тулкуну үйүнө киргизип терилерин кере баштайт. Кыз терини алып, артын карап, сук танып терини карап жаткан кезде, чабан дароо кыздын артына жашынып калат. Бай өзү муну байкап калып кызына:

-Кызым чабанды таба албадынбы?-деп сурайт.

Чабанды канча издесе да таба албаган кыз атасына:

-Жок, канча издесем да таба алган жокмун. Ал кайда жашынды болду экен?- деп кайгырат.

Муну уккан чабан кыздын артынан чыга калат да:

-Эми мага турмушка чыкканга макул сунбу?- деп сурайт.

Таба албаганына уялган кыз чабан га турмушка чыкканга макул болот. Чабан жигит менен байдын кызы кырк кун, кырк тун той берип уйлөнушөт.

Мына ушинтип чабан жигит жаныбарлар га кылган жакшылыктарынын узурун көрүп, жубайы менен бактылуу өмур сургөн экен.     

     

 

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки45
Алия менен жылкы44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор25
Акылдуу кыз16
Көмөч нан (колобок) жомок16
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *