«Өзүнө кылынган жакшылыкты эч унутпа, башкага кылган жакшылыкты эсине алба»

Кышкысын жылуу жактарга учуп кетип, аба ырайы жылыганда кайра учуп келишкен куштардын бир тобу токойдо жашашчу экен. Алар кыш келээрге жакын жылуу жактарга учууга камданышат да, баары даярданышып, учуп кетишет. Бирок, негедир алар менен кетпей бир эле карлыгач калып калат. Анткени, анын канаты сынып калган эле.

Ошентип кыш келип, айлана аппак карга беленет. Канаты кайрылган карлыгач аябай үшүп, анан жылуу жай издей баштайт. Ал көпкө чейин ылайыктуу жай издеп жүрүп акыры эмен дарагына барат. Анан ага:

— Эмен дарагы, мен жылуу жакка учуп кете албай калдым. Мага сөңгөгүнөн бир орун бербейсинби?-деп суранат.

Бирок карлыгачтын суранычы эмен дарагына жакпай калат. Ал карлыгачка:

— Кечирип кой карлыгач. Мен сага орун бере албаймын.Анткени, сөнгөгүмдө орун жок. Анан дагы сен менин уруктарымды жеп саласын,- дейт.

Мына ушундай жооп алган карлыгач эмен дарагына аябай капаланат да, башка жакка барып, орун издөөгө жолго чыгат. Жолдон бир жемиш дарагына учурап, андан да эмен дарагынан сурангандай суранат. Ал дагы орун берүүдөн баш тартып:

— Ай койчу, башымды оорутпай! Сага бере турган орун жок менде,-деп капалантып салат. Кайгыга баткан карлыгач ошол күнү кечке кыштай турган орун издейт. Бирок тилекке каршы таппай коёт. Акыры чарчап-чаалыгып бир арчанын түбүнө барат. Арча анын капалуу жүзүн дароо эле байкайт да:

— Карлыгач досум, эмне болду? Эмне мынча капалуусун? Башка досторун сыяктуу жылуу жакка неге кеткен жоксун? деп суроо берет.

Капалуу карлыгач башынан өткөн окуялардын баарын арчага айтып берет. Арча карлыгачка:

— Капаланба досум. Менин жанымда каалаганча жашай бер. Менин жанымда сага орун бар. Кааласан бутактарымдагы мемөлөрүмдөн да жегенге болот. Каалаганча алардан да жей бер,- дейт.

Арчанын мындай мамилеси жана жумшак сөздөрү карлыгачты аябай кубантат.

Мына ошентип карлыгач кышты-кыштай арчанын жылуу бутактарынын арасында жашайт. Сынган канаты да бара-бара айыгат. Ошол жерде жазга чейин жыргап-куунап жашайт.

Акыры жаз да келет. Күн жылый баштаганда жылуу жактан канаттуулар да учуп келишет.

Карлыгач болсо өмүр бою арчанын жакшылыгын унутпай, ага ар дайыма барып, маектешип турчу болуптур. Анан дагы алар бири-бирин кыйышпас достордон болуп калышыптыр.

Ошентип карлыгач менен арчанын достугу өмүрүнүн аягына чейин уланыптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок38
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *