Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен, илгери бир Жаталак деген жалкоо адам жашаган экен. Аны бир ишке жумшаса эле:

‒ Оф, Кудайдын күнү кумдан көп, эртең бүтүрөм! ‒ деп салкын жерге жатып алып, уйку-соонун ортосунда күнүн өткөрөт.

Кумурска менен жалкоо 2

Ошондой күндөрдүн биринде эмне кыларын билбей, ку-
мурсканын бирин сөөмөйү менен тосуп:

‒ Эй, кумурска, эмнеге башың чоң? ‒ дейт.
‒ Башымда акыл бар, ‒ дейт кумурска жалкоонун жол
тоскон сөөмөйүнөн ашып баратып.
‒ А эмнеге белиң ичке? ‒ дейт кайра.
‒ Көп иштеп, аз жейм, ‒ дейт экен сөөмөйүн айланып
баратып.
‒ Буттарың неге тартагай?
‒ Тынбай иштеп, эмгек кылам. Күн менен жарышам,
өмүр менен жарышам.

Жалкоо таң калат: «Бул кумурскалар акыл менен иди-
ректи, кубат менен чыдамды кайдан алат? Күн менен жа-
рышып, жашоонун кайсы сырларын издейт экен сурайын-
чы», ‒ дейт да көрүнгөн чөптүн түбүн аңтарып, кумурсканы издейт.

‒ Уф, кумурскабай, сени издей берип, аябай чарчадым.
Жанагы өзүң айткан акыл-идиректи, кубат менен чыдамды
каяктан аласың?

‒ Аны сенин жаныңда отуруп түшүндүрө албайм. Чын-
дап билгиң келсе мени менен кошо жүр, ‒ дейт кумурска.

Жалкоо макул болуп, тогуз айлык наристедей төрт аяк-
тап жөрмөлөп ээрчип жөнөйт. Кумурска алдынан жолуккан ар бир чөпкө токтоп:
‒ Биз мына бул чөптү «Кубат чөп» дейбиз. Ал жаз алды менен эң эрте чыгат. Он беш күндө эле бышат. Кышы менен чээнде жатып алсыраган курт — кумурска анын уругун жесе, кубат алат. Ал эми бул чөптү «Жыпар чөп» дейбиз.

Бул болсо «Сүт чөп». Анын уругу жумшак жана даамдуу
келип, жумурткадан жаңы чыккан чимелилерге жагымдуу
тамак. А бул калдайган чоң жалбыракты «Соргок» дейбиз.

Себеби сууга тойбойт. Жамгырдын суусун калдайган жал-
бырактары менен тосуп алып, өз тамырына куя берет. Өзү өскөн жерге башка чөптөрдү өстүрбөйт. Мунун сөңгөгүндө дайыма суу көп болгондуктан, кургакчыл айларда биз суу-сунубузду ушул Соргоктон кандырабыз. Эми мына булар жөнүндө айтсам: ‒ Бул «Тамак чөп», мунусу «Кышкы чөп»,
тиги «Мээр чөп» деп, ар бир чөптүн өзүнө жараша мүнөзүн,
дарылык касиеттерин айтып отурат.

Кырк күндөн кийин жалкоонун башына да акыл-идирек
пайда болуп, дардайган курсагы тартылып, белине чыдам
менен кубат орнойт. Солдоюп жатчу буттары күн менен кошо жарышка чыгып, күн дем алмайынча өзү да дем ал-бай, үрөн эгип, бак тигип, эмгекчил досунан үйрөнгөн дары чөптөрдү жыйнап, сыркоо адамдарды айыктырып, эл ур-маттаган кадыр-барктуу адам болуп калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы54
Акылдуу кыз жомок44
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Коён менен кирпи24
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу балдар15
Кырк калп жомок15
Акылдуу кыз13

Кумурска менен жалкоо: 15 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *