Илгери бир кедей болуптур. Анын бир коёну, коёндун бир
бөжөгү бар экен. Короосунда көлөкө түшүрүп турган кучак
жеткис бир күн карама жайдыр-кыштыр гүлдөп турчу экен.
Күндөрдүн биринде коён бөжөгүнө жем издеп кетет да, бөжөк күн караманын түбүндө ойноп отуруп, коңурук тартып уктап калат. Асманда сайран куруп жүргөн үкү анын коңуругуна кыжыры келип, бөктөрүнүп кетет.
Коён үйүнө келсе, бөжөгү жок. Ана келет жок, мына келет жок. Чыйпыйы кетип издеп, жолго чыгат. Ар кимден сурап отуруп, тажаганда булуттан чыга калган Күнгө кайрылат:
‒О, Күн, мен бөжөгүмдү жоготтум! Кичинекей неменин жүрөгү түштү го! Анын үстүнө аябай коркок эле. Бөжөгүмдү таап бер. Андан башка эмнем бар? ‒ деп ыйлап жибериптир.
Күн коёнго боору ооруп, ууруну табуу үчүн жердеги жаныбарлардын баарына буйрук берет:
‒ Кана, баарыңар мени көз ирмебей карап тургула.
Тилимди албаганыңар жалыныма күйүп каласыңар.
Бардык жан-жаныбарлар жабалактап Күндү карашты. Бир маалда үкүнүн көзү тостоюп чыкты да, Күн менен коёндон кечирим сурап,ыйлап жиберди:
‒ Айланайын, коён! Мен ит болдум. Бөжөгүң меникинде.
Мына ошондон кийин Күн Үкүнү жазалап, күндүз көзүн
сокур кылып, түндөсү балдар бакчасы, дүкөн, мектеп жабылганда гана учуруп коюптур. А ууруну жазалаганына кубанган коёндун көзү бакырайып чыгыптыр да, так секирип, бийлеп калыптыр. Күн карама ошондо Күнгө ыраазылыгын билдирип, дайыма калпагын башынан албай, ага жүгүнүп калган дейт.
Сонун жомок.