«Чыныгы достук кыйынчылыкта билинет»
Бир кишинин бир аты жана бир эшеги болуптур. Качан жолго чыкпасын ал минген атын чарчап калат деп аяй берчү экен. Ошентип ал бир жакка чыкса эле атын аяп баардык жүктү эшекке жүктөп койчу болуптур.
Бир күнү ээси ат жана эшек менен алыска чыгат да, адаттагыдай жүктү эшекке жүктөйт. Бирок бул учурда эшек ооруп жаткан эле. Ал атка карап:
— Бир жолу жүктү сен көтөрүп койчу, эч нерсе болбойсун. Эгерде муну үстүмдөн албасаң мен астында калып эзилем го, — деп жалынат экен.
Муну уккан ат болсо жүктү алгандын ордуна:
— Жалына бербечи мага, — деп өз жан ыракатын бузгусу келбей кете берет.
Эшек байкуш мойнун ийген бойдон эптеп жолун улай берет. Үстүндөгү жук барган сайын аны эзе берет. Анан өзү айткандай эшек жүктү көтөрө албай ооруп, чарчап жатып калат. Муну көргөн ээси эшектеги жүктүн баарын алып атка жүктөп салат. Жада калса эшекти да аттын үстүнө жүктөп коёт.
Ат аябай ыза болуп өзүнө-өзү азап үйгөнүн билип, акырында кейип:
— Мына, жаман мамилемден так ушуну көрмөкмүн. Эгерде эшекке жардам бергенимде минтип баардык жүктү өзүм көтөрүп калмак эмесмин. Мына эми эшекти да көтөрүп калдым,- деп ыйлактаган экен.