мергенчи болгон экен. Ошол мергенчи бир күнү адатынча тоо тарапка кетип баратып жанындагы токойдон аюунун өкүрүп бакырып жатканын угуп калат. Мергенчи эмне болуп кеткенин билгиси келип шашып-бушуп ошол тарапты көздөй жөнөйт. Барса күрөң аюуну килейген зор жылан ороп алып, жегени туруптур. Аюу болсо ошондон чый-пыйы чыгып чырылдап, озондоп өкүрүп жан соога сурап турган экен. Анын минтип аянычтуу кыйкырганы демейде аюу көрсө атпай кетпеген мергендин да боорун оорутат. Акыры чыдай албай жаасын октоп, кылычын белендейт дагы тиги зор жылан менен айыгыша согушуп жүрүп өлтүрүп тынат.

Бир ажалдан калган аюу эми келген жагына кетип калбай мергендин артынан ээрчип алат. Кудум өлүмдөн алып калганына ыраазычылык билдиргиси келгенсип кайда барса кошо басып, бир жерге тыныкса кошо тыныгып жүрө берет.

Ошентип жүрүп экөө ажырагыс дос болуп калышат. Мергенчи аюусун ээрчитип тоого да барат, токойго да барат. Ал тургай ошол ээрчиткен бойдон айылга да кирет. Айыл эли бир эсе килейген зор аюуну коркпой ээрчитип жүргөн мергенге суктанышса, бир чети ага суктана кеп кыла башташат. Бир күнү булардын кеби айыл ичиндеги акылман абышкага да жетет. Сакал-чачы куудай агарып, бели бекчейе карыган абышка бир күнү аярлай басып тиги мергендин үйүнө келет. Ал-жай сурашып, аны-муну кеп кылышып отурган соң абышка мергенге келген жөнүн айтып:

— Ээ балам, сенин эрдигине суктанбаган адам жок бул өрөөндө. Анан калса мергендигине да чек жок. Бирок, ушул башкадан да акылсыз айбан менен достошуп, ошону дос кылып жүргөнүн мага жакпады. Мага эле эмес бүтүндөй айыл эли коркуп отурат. Кайсы бир куну бул жапайы аюусу балачакабызга зыянын тийгизет деп үрпөйуп турушканы турушкан. Андан көрө ушул мени уксан бул аюунду ушунчанда жогот. Айбанга ишенип болбойт, — деди карыя.

Кептин баары ушул жерден бузулду. Ансыз да эрдигине маашырланып, эч кимде жок аюу ээрчиткенине дөөгүрсүп жүрген мерген эми абышкага ачык эле каяша айтты. Мергенчи:

— Эх, аксакал, баарынардын кебинер бир чыкчу болду да. Кечээ тиги кошуна деле айтат, бул кошуна деле айтат. Эми бүгүн сиз келипсиз. Же эмне биздин эл ушунча көре албас болуп кеткенсинерби? Бул аюунун кымындай жамандыгы жок деп канча айтам силерге? Же ар бирине бирден айтышым керекпи?-деп онурандап бир тийди абышкага.

Ошону менен абышка ага нары айтса да көнбөдү, бери айтса да көнбөдү. Абышканын такыр айласы кетти. Акыры:

— Ээ, он айтса тескери сүйлөгөн бала экенсин. Деги эмне болсон ошо болчу. Менин милдетим айтып эскертиш. Эми бир балээ болсо айтпады дебе, — деди да жолуна түшүп кетип калды.

Мерген болсо анын кеби жөнүндө ойлоп да койгон жок. Менин аюу менен ээрчишип жүргөн эрдигиме ичтери күйүп жатат деп ичинен кымындап койду да, алардын ичтерин күйгүзмөккө аюуга ого бетер жакындаша баштады. Эми аны өзүнүн жанына отургузуп тамактандырып, өзү бөлмөгө жаткыра турган болду. Кептин баары ошондо башталды.

Бир күнү мерген түшкө маал сырттан чарчап келип, көлөкөлөп жатып уктап калды. Аюу болсо адаттагыдай эле ээсинин жанынан орун алды. Ангыча ызылдаган кара чымындар учуп келип мергендин бетине коно баштады. Аюу биринчи аларды колун сермеп учурмак болду. Бирок, чымындар ошого көнмөк беле. Ызылдап айланып учуп, кайра конуп жатышты. Аюу колун сермеп дагы кубалады. Чымындардын ичинен бир чоң кара чымын айланып учту да эми мергендин так эле чекесине конду. Мунун минтип көк беттенгенине ачуусу келген аюу очоктун оозунда турган балтаны алды да мергендин чекесинде турган чымынды бир чапты. Мерген мурт кетти.

Ошентип акылы жок мерген башкаларды укпаганынын жазасын алып, бул дүйнө менен кош айтышыптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)391
Акылдуу бала99
Таяк жөнүндө жомок95
Кумурска менен жалкоо88
Алия менен жылкы84
Асыл таш62
Үч ууру жомогу54
ЖЕТИМ МЕНЕН СЫЙКЫРЧЫ45
Ряба тоогу44
Адилеттүү болуу - Тузакка түшкөн түлкү36

Досту туура тандоо — Аюу менен мергенчинин достугу: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *