«Билими жок адам жарыгы жок чырактай»

Илгери-илгери бир чытырман токойдо сүйүктүү бир бөжөк жашаптыр. Токойдо жашаган баардык жаныбарлар бул бөжөкту аябай жакшы көрүшчү экен.

Токойго жай мезгили келип, бул сүйүктү бөжөк жай бою
токойдо ойноп-күлүп жүрдү.

Бирок жай мезгили да бат эле өтүп, окуу башталаар учур келди. Баардык кичинекейлер мектепке кетишти. Ал эми суйүктүү бөжөк мектепке баргысы келбей койду. Өзүнчө отуруп алып:

«Мектепке барып окубай эле үйрөнуп алса болот да» деп ойлонду.

Ошентип бул бөжөк мектепке барбай, оюнга кызыгып ойноп жүрүп алды. Ойноп жүрүп акыры оюндан да тажады. Анткени баардык достору күндүзү мектепке окууга кетишет да, бөжөк өзү жалгыз калат.

Бир күнү ал аябай жадагандан өрдөк чоң атанын дүкөнүнө барууну чечти. Өрдөк чоң ата ага көптөгөн жомокторду айтып берчү. Ошентип бөжөк ага барса эшигине кулпу салынып, үстүнө чоң жазуу илинип туруптур. Бөжөк тамга тааныбагандыгы үчүн ал жазууну окуй албай койду. Анан башын жерге салып капалуу жолдо кайра кетип баратса, капыстан алдынан өрдөк чоң ата чыгып калды. Бөжөк кубанып кетип өрдөк чоң атага кайрылып:

— Өрдөк чоң ата! Мен сизге баргам, бирок сиз деген эшигинизди кулпулап кетип калыптырсыз, — деди.

Өрдөк чоң ата ага карап каткырып күлүп:

— Ай бөжөк, сен эшиктин үстүндөгү жазууну окуган жоксунбу? Мен ал жакка: «10 минутадан кийин келем» деп жазып койгон болчумун го, — деди.

Сүйүктүү бөжөк жазууну окуй албаганы үчүн аябай уялып
кетти. Бирок ал чындыкты айтканга аргасыз болду да:

— Мен окуганды билбейм да, — деди.

Өрдөк чон ата анын башынан сылап, үйүнө ээрчитип келди да, ага кечке чейин кызыктуу окуяларды айтып берди. Анан мектепке барып тамга таануу жакшы экендигин айтты.

Мына ушинтип арадан дагы үч күн өттү. Бөжөк кайрадан аябай зериге баштады. Эми бул жолу ал таэжесиникине баргысы келди.

Ал ошентип жол жүрүп отуруп таэжесинин үйүнө келип, эшиктин алдындагы стулду көрдү. Ал стулдун үстүндө жазуу жазылган барак туруптур.

Бөжөк ал кагазга дагы таэжеси өрдөк чоң атага окшоп, «он минутадан кийин келем» деп жазып койсо керек деп ойлоду да, стулдун үстүнө отуруп алды. Анан таэжесин күтө баштады. Бирок бөжөк отураары менен стулга жабышып калганын сезди. Чыгарганга аракет жасап тыбырчылап жатканын таэжеси терезеден көруп калды да:

— Ай балам, эмне стулдун устундөгү жазууну окуган жоксунбу? «Отурбагыла, тактай боёлгон» деп жазылып турбайбы, — деди.

Таң калган бөжөк болсо:

— Окудум таэже, баракта: 10 минутадан кийин келем деп жазылып турат. Мен да сизди күтүп отуруп турайын деп отургам,- деди.

Анда таэжеси:

— Оой балам, жалган сүйлөгөн болбойт да. Мен ал жерге: «Отурбагыла, тактай боёлгон деп жазгам, — деп айтты бөжөккө.

Муну уккан сүйүктүү бөжөк аябай уялып:

— Мындан кийин жалган айтпаймын, — деп таэжесине сөз берди.

Мына ошентип чарчаган бөжөк үйүнө келди да, дароо жатып алды. Анан ал: « Эрте менен сөзсүз мектепке барып тамга үйрөнөмүн» деп чечти. Анан ар кайсыны ойлонуп жатып аран дегенде уктады.

Эртеси тан атаары менен сүйүктүү бөжөк түз эле мектепке жөнөдү.

Мына ушинтип сүйүктүү бөжөк тамга тааныбаган уят экендигин билип, мектепке барды. Ал өтө кыска убакыт ичинде жазганды жана окуганды үйрөнүп алган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы41
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок24
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *