«Билими күчтүү минди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат»

Илгери-илгери токойдо жашаган бир илбирс токойдогу жей турган жаныбарлардын баарын жеп түгөткөн сон ачка калыптыр. Курсагы ачкандыктан ичи курулдап, дарактын ту бүндө ары-бери басып жүрсе алдынан бир маймыл чыгат. Ага илбирс өзүнүн аябай ач экендигин айтып арыздана баш тайт. Анда маймыл илбирске карап:

Эй илбирс, сага не болгон? Ачка калдынбы? Кел анда мага кошул. Мен оюн чатырчасын курайын. Экөөбүз ошол оюн чатырчасын ар кайсы жерге алып барып коюп алып, жан-жаныбарларга ар кандай оюндарды көрсетебуз. Биздин оюнду кергендер бизге тамак беришет. Ошондо ачка калбайсын, — деген сунушту айтат. Буга илбирс таң калып:

Ал кандай болот? — деп сурайт.  

Себеби ал эч качан мындай шумдукту көргөн эмес болчу. Тан калган илбирске маймыл:

— Мен чатырча курам. Анан оюн аркылуу акылыбызды, өз жөндөмдүүлүгүбүздү ошол чатырчанын устунө чыгып алып башкаларга көрсөтөбүз. Алардын көңүлүн ачып, акчасын алабыз-дейт.

Ошентип маймыл эки чатыр жасайт да, экөө токойдун жанындагы айылга барышат. Чатырдын ичиндеги секиге чыгып алган маймыл колундагы конгуроону кагып, ал жердин тургундарына:

— Урматтуу көрүүчүлөрүм! Силердин алдынарда белгилүү илбирс өз оюну менен назарынарда! — дейт да аркы тараптагы өзүнүн чатырына кетет.

Андан кийин илбирс да аны коштоп:

Мен дүйнөдө териси эң баалуу жаныбармын. Көргөндун баарын таң калтырам. Өткөндө бир падыша көруп, териме аябай таң калган! Мына ушундай достор, дал ушундай айымдар, мырзалар! Келгиле, келгиле! — дейт кайра-кайра.

Бирок анын чатырынын жанына эч ким келбей коёт. Баары алыстан эле бир карап коюп эч кызыкпай кете беришет. Ал эми ары жакта маймыл болсо ез чатырында айылдагыларга кайрылып:   

— Уктук, укпадык дебегиле! Уста маймыл силердин айылынарга келди. Аны көрүү мүмкүнчүлүгү өз колуңарда! Дүйнө кездим, жетилдим, быштым. Бир кемеде мен келдим, артыман уч кеме акылым келди. Келгиле, келгиле, мумкунчулукту колдон чыгарбагыла! Баардык оюндун туру бизде бар. Асма жипте басуу, секирүү, бийиктиктен секирүү баары бизде! Оюн силерге эгер жакпаса акчанарды кайра кайтарып берем! — деп кыйкырат.

Муну уккан айылдыктар маймылдын чатырында эмне бар экен деп кызыгып агылып келип чатырга акча берип кире башташат. Ошентип маймылдын чатыры элге толуп, батпай, сыртка чейин ашып кетет. Ал эми маймыл ар кандай оюн дарды көрсөтүп, элдердин кызыгуусун арттыра берет.

Ал эми илбирс болсо өз чатырында бир эле номерди көрсөтуп коюп отура берет. Анын жанына эч ким келбей коёт. Мына ушинтип убакыт отуп, кеч да кирет. Кечке эч нерсе таппай кайгырган илбирске маймыл:

— Ээ досум, сен туура эмес кылып жатасың. Адамдарга устундө эмне бар экенин эмес, башында эмне бар экенин көрсөт. Мына ошондо кызыктуу болот. Кийимин кооз болушу мумкун, бирок элдер аны бир эле жолу көрүп кете беришет. Сен бир эле териндин кооздугун көрсөтүп, элди өзүнө тарта албайсын. Балким аз гана акыл миндеген кооз кийимдерден дагы баалуу, — деген кеңешин айткан экен.          

 

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы51
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу кыз жомок31
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок26
Кырк калп жомок25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок16
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *