Чычкан көк жайык чөптө сайрандап, жаш чөптөн үзүп жеп жүрсө, капысынан шамал удургуп, жаан төгүп ийет. Шөлбүрөгөн чычкан чөпкө жашынат. Бул маалда шүүдүрүмдөн оттомокко токойдон бугу чыгат мүйүзү калдайып. Ары оттоду, бери оттоду. Капысынан чөп менен кошо чычканды жутуп алды.
Бугунун курсагындагы чычкан чыйпылдайт:
– Бычагымды кайрап, бугунун кекиртегин жайлап, эркиндикке чыгам.
– Кекиртегимди кесе көрбө, оозумдан чыга бер, – дейт бугу.
– Ө-өк, оозуң шилекей да, – дейт анда чычкан. Өзүнчө чыйпылдап баштайт кайра: – Бычагымды кайрап, бугунун кекиртегин жайлап, эркиндикке чыгам.
– Кой, антпечи. Мурдуман чык анда, – жалооруп суранат бугу.
– Ө-өк, мурдуңда чимкирик толо, – чычкан дагы катуу кыйкырат: – Бычагымды кайрап, бугунун кекиртегин жайлап, эркиндикке чыгам!
– Сойбочу мени, – бугу жалбарат чычканга, – кулагымдын тешигинен чыкчы анда!
– Ө-өк, Жок, кулагың толо кулку да сенин! – Чычкан эми мурдагысынан да катуу кыйкырат: – Бычагымды кайрап, бугунун кекиртегин жайлап, эркиндикке чыгам!
Чычкан чындап эле бугунун кекиртегин мууздап, эркиндикке чыгып, терисин да сыйрыптыр. Бугунун этин согумга деп жети кампа, жети сарайга толтуруптур.
Ошол бугунун этинен биз да жегенбиз, а сен жедиң бекен, жокпу?