«Жардамды татыктуу адамдан алуу керек»

Бир ташбака учурда жашап жаткан жеринен тажап башка жакка кеткиси келиптир. Бул каалоосун ишке ашыруу максатында өзүн алыс жакка ала кетүүнү суранып оюн бүркүт досуна айтат. Эгер ал жардам берсе анда ага жаккан жакшы нерсе белек кылаарын да айтат. Мындай сунушту бүркүт кабыл алат. Анан аны катуу тырмактары менен ченгелдеп алып учуп жөнөйт. Учуп баратып алар астында келе жаткан карганы көрүп калышат. Карга бүркүткө кайрылып:

— Ай ата десе, бул ташбаканын эти кандай гана таттуу ээ?.. — дейт.

Бүркүт айтылган сөздөргө көп маани бере бербейт да:

— Мунун үстүндөгү кабыгы таштай катуу,- деп жооп берет.

Бул жоопко канаат албаган карга кайрадан:

— Ээ бүркүт, анын катуулугу эмне экен? Сен тээтиги таштарга карата ыргыт, ал ташка тийгенде кандай майдаланаар экен? — дейт каркылдап.

Бүркүт айтылгандын баарын ойлонуп көрсө чынында эле туура экен. Анан ал ташбаканы астында жаткан таштарга таштап жиберет. Келесоо ташбака ташка тийер менен талкаланып кетет.

Анын былжыр эттери тим эле карга менен бүркүттүн шилекейин куюлтат. Мына ушинтип дос тандай албаган ташбаканын каалоосунун аягы кейиштүү окуя менен бүтөт.

Мынакей, эгерде биз досту туура тандабасак, анда башыбызга мына ушундай окуялар да келиши мумкун.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок16
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *