«Булбул менен достошкон гүлгө барат. Өрдөк менен достошкон көлгө барат»

Суу жээгинде жашаган бир бака менен ташбака бири-биринен ажырабай турган жакын достордон эле. Эгер алардын бирөөсү алыска кете турган болсо, анда бири-бирин абдан сагынышып калышчу. Алардын достугу ушунчалык бекем болгондуктан, тегеректеги душмандарынан сактаныш үчүн жана дайыма бири-бирине тынымсыз кабар алып туруу учун бир амал ойлоп табышат. Алар кадимки эле жипти алышат да, бири-биринен кабар алып туруу учун, буттарына бекем байлап алышат.

Ошентип аларга бул ойлору абдан жагып, бири-бирин тезтез көрүп тим эле жыргап калышат. Бири жипти тарткан учурда, экинчиси жиптин тартылганын туюп жетип келчу болот.

Бирок алардын бул кубанычы көпкө созулган жок. Бир куну тээ бийиктен учкан буркут курч көзү менен жузум бактын арасында акырын бара жаткан ташбаканы көрүп калат. Анан зуулдаган бойдон барып жерден ташбаканы илип алат.

Ошентип бүркүт бир учу баканын, бир учу ташбаканын бутуна байланган жипти көрбөй, ташбаканы уясына алып барып таштайт.

Бутуна жип байланган бака да ташбака менен бирге келет. Буларды көргөн бүркүттүн тим эле шилекейи агат. Бүркүттүн аялы жылмайып күйөөсүнө карап:

— Ташбаканы го сен алып келдин, а мына бул бака байкуш кантип келип калды?- дейт.

— Ал өзүн-өзү билбеген макулук. Досту да ылайыктап тандабаса, башына ушундай балээ келет, — деп түшүндүргөн экен буркут.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы66
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Акылдуу кыз жомок26
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *