Дарыянын эки жээгинде эки улак оттоп жүрүптүр.
– Эй, тууганым, кел ойнойбуз! Мен сен жакка өтөйүн, – дейт бири арыктагы устунду карай басып.
– Жок, мен сен жакка өтөйүн, – дейт тигиниси устунга кадамын таштап.
Экөө бирдей устун аркылуу тигил өйүздөн бул өйүзгө өтмөк болушат. А устун ничке экен. Эки улак устундун ортосунда бетме-бет туруп калышат. Биринен бири айланып өтө алышпайт.
– Артка жылчы кычашпай, мен өтөйүн! – дейт биринчиси.
– Өзүң кычашпачы, жыл артка! – экинчиси чунаңдайт.
Экөө бирине бири жол бошотпойт.
– Менин айтканымды укпасаң бирди көрөсүң азыр! – дейт бири.
– Кана көргөзчү! – дейт экинчиси.
Чунаңдашкан экөө бири бирине куйкалары курушат да, как маңдайга карсылдаша сүзүшөбүз деп, экөө бирдей сууга кулайт.
Дарыя суусу шар экен, тереңдиги андан. Эки улак чөгүп өлмөк болуп, жээкке араңдан зорго шөлбүрөп суу болуп чыгышкан экен.
Ооба мага абдан жакты соонун экен