«Бош отуруп кайгыргандан көрө, эмгек кылып ийгиликке жет»
Илгери бир падыша нур жүздүү, балдай таттуу эркек балалуу болот. Падыша бул кичинекей наристесин аябай жакшы көрөт. Уулу чонойгондо анын каалоолорун эки кылбай аткарчу экен. Баласы эмне кааласа дароо анын алдына каалаганы келчү. Кыскача айтканда бала «жок» деген эмне экенин билбей чоноёт.
Мына ушинтип кечээки наристе бой жетип, чон жигит болот. Албетте шахзаданын каалаганы ар качан дапдаяр болуп турчу. Убакыт өткөн сайын шахзада баарынан тажай баштайт. Ал алгач мунун себебин такыр биле албай коет.
Шахзада бара-бара аябай кейиштүү абалга келип, эч нерсени каалабай, сүйлөгөндү да жактырбай калат. Кала берсе, тамак дагы жешти каалабайт. Ушундан улам шахзада арыктап да кетет. Атасы күндөн-күнгө арыктап бара жаткан баласына зээни кейий баштайт. Бирок колунан эч нерсе келбейт. Бир куну бала атасы менен бул маселе тууралуу сүйлөшүүнү чечет да, атасына келип:
— Атаке, мен алыс сапарга чыккым келип турат. Балким барган жеримде дартыма даба табылаар,- дейт.
Падыша албетте, жалгыз баласын жанынан алыс чыгаргысы келбейт. Бирок баласынын дартына даба табышы үчүн жөнөткөнгө айласыз болот.
Ошентип атасынан руксат алган шахзада алыскы жолго аттанат. Талаа менен түздү, айыл-шаарды, токой-тоону аралап бара берет.
Ал бир күнү жолдо баратып тердеп-кургап иштеп жаткан бир карыяны көрөт. Негедир шахзада карыя менен отуруп сүйлөшкүсү келет. Аттан түшүп, карыя менен саламдашып, ал-акыбалын сурайт. Карыя анын саламын кабыл алат да, андан ким экендигин, кайда бара жатканын жана эмне иш кылаарын сурайт. Шахзада жолго неге чыкканын айтып берет. Анда карыя ага:
— Балам, мен сенин дартындын себебин билем. Бирок аны айтаардан мурда ушул эгиндердин тубун жумшартышым керек. Сен дагы мага жардам берсен, тезирээк бүтүп, сага да дартынды эртерээк айтып берейин,- дейт.
Шахзада карыянын айткан кебине макул болуп, эгиндин түбүн жумшарта баштайт. Иш менен алек болуп жатып, өзүнүн кайгы-капасын дагы унутуп калат.
Ошентип кеч да кирет. Кеч кирген кезде өзүн укмуш чарчаганын жана курсагынын ачканын сезет. Кечинде карыя шахзаданы үйүнө конокко чакырат. Шахзада астына коюлган тамак-ашты көз ачып-жумганга чейин эле жеп коёт да:
— Мен ушул учурга чейин мынчалык чарчап, курсагым ачкан да эмес,- дейт. Карыя учурдан пайдаланып:
— Сени капа кылган жана тамакка табитинди байлаган нерсенин эмне экенин билдинби? Анда балам билбесен мен айтайын. Бул сенин жалкоолугуң, жоопкерчиликсиз болгонун, — дейт.
Кечке чейин талаада иштеп чыныгы ырахатты сезген шахзада бул сөздүн туура экенин кабыл алат. Анан карыяга ыраазычылыгын билдирип, аны менен коштошуп өзүнүн хан сарайына кайтат. Хан сарайга келээри менен атасынын атайын эгин талаасына чыгып, ал жерден өзүнө ылайык иш таап, иштей баштаптыр.
Мына ошондон кийин шахзадага таптакыр кайгы-капа жолобой калган экен.