«Сарандын колу тар, кайда барса жолу шар»

Илгери-илгери өткөн заманда бир бай адам жашаптыр. Анын толтура алтындары болуптур. Анын алтындары аябай көп болгондуктан ал байлыгы сандыктарга батпай, кайда коёрун билбей калыптыр. Ал бири-биринен өткөн кооз заңкайган сарайларды салдырыптыр. Бирок айланасындагы адамдар анын бир да жолу күлгөнүн көрүшпөптүр.

Бул бай адамдын дайыма кабагы ачылчу эмес экен. Ал ушунчалык саран болгондуктан адамдарга карап жылмайчу да эмес. Себеби: «Мен жылмайып койсом, анда адамдар менден жардам сурайт» деп ойлочу. Анын ушундай мүнөзүнөн улам шаардыктардын бири да жанына басып барышчу эмес.

Күндөрдүн биринде алыс жактан бул шаарга бир кембагал адам келип калат. Ал көп жол жүргөну учун аябай курсагы ачкан эле. Ушунчалык ачка болгондуктан байдын үйүнүн жанынан өтуп баратып, бир нерсе сурап жегенди эп көрөт да, анын каалгасын кагат.

Каалга кагылганда байдын кызматчылары чыгат. Кызматчылар дароо анын кембагал жана ачка экендигин баамдашат. Ошол учурда бай дагы эшикке чыкканы жаткан эле. Ал каалгадан башын чыгарып карап, сырттагы адамдын кембагал экенин дароо эле байкап калат. Кембагал адам байдын кызматчыларынан:

— Мага аз да болсо жегенге бир нерсе бергилечи?.. — деп суранат.

Муну уккан бай дароо ачуусу келип:

— Ким бул ай, менден тартынбай тамак сураган?-деп кыйкырат.

Анда кембагал адам аябай тан калып ичинен: «Оо Аллах Таала! Бул кандай неме?… деп суйлөнөт. Анан кайрадан эле бирдемеден үмүт эткен кембагал адам:

— Мен көп күндөн бери жолдомун, аябай ачкамын. Жегенге эч нерсем жок. Узак жолдун жолоочусумун. Кичине жалмалап алууга бирдеме берип койгулачы… — дейт. Муну уккан бай аябай каарданып:

Ай, сен шаардагы адамдардан сурачы? Эч ким менден батынып келип бир нерсе сураган эмес! Чык жогол, менин уйумдөн. Башка жерден сура сураарынды, — деп кембагал адамды аябай катуу кагып салат. 

Мындай мамиле албетте кембагал жолоочунун жанын кейитет. Жаны кейиген жолоочу бат эле байдын эшигинин астынан алыстап кетет. Ал кетип баратып, эмне сураганын да унутуп калат. Анан:

— Мен эч кимдин көнулун минтип ооруткан да эмесмин. Эч кимге жаман сөз да айткан эмесмин. Саран бай болгончо шугур келтирген инсан болгонум дурус го. Бир тиштем нан учун бирөөнүн көңүлүн оорутуу туура эмес. Аллах Таала мындай нерсени жакшы көрбөйт. Демек, мен саран бай болгончо ак көнул кем багал бойдон калганым жакшы го? — деп өзүнчө кобуранган экен.     

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок23
Кырк калп жомок21
Нооруз жөнүндө жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *