«Чыныгы сулуулук — ички дүйнөнүн сулуулугу»

Өткөн заманда көл жээгинде бир курбака жашаптыр. Айлана жапжашыл түскө боёнуп, куштар шаңдуу үн салып сайраган жаздын жакшынакай күнүндө ал көңүлсүз жашоо өткөрчү экен. Анткени ал өзүн сулуу эмесмин деп ойлочу. Көлдөгү сууга өзүн карап алып, өзүнө-өзү: «Мына карачы, мен сулуу эмесмин. Эч ким мени жакшы көрбөйт» — дей берчү.

Дагы бир жолу ал ушинтип өзүн-өзү жек көрүп отурса суунун ары жагынан бир үн угулат. Көңүл буруп караса, ары жактагы саздакта өсүп турган камыш аны чакырып жатканын байкайт. Курбака жүрөгу жарылып кеткенче толкунданып, аябай сүйүнөт. Анткени биринчи жолу аны бирөө чакырып жаткан болчу. Кичинекей бака дароо камышка секирип-секирип жөнөйт. Курбака ошентип секирип отуруп көлдүн жээгине келип токтойт. Бир маалда ага карап саз:

— Кана кичинекей курбака, өйдө бери чык, — дейт.

Ал чыккан сайын саз бөлүнө баштайт. Анан курбака коркуп кетип:

— Эмне сынып калдыңбы?,- деп сурайт.

Саз болсо курбакага жылмайып:

— Эч нерсе эмес, мен сени терметип ойнотом азыр,- дейт да, курбаканы ары-бери термете баштайт. Ошол күнү курбака кечке чейин саз менен ар түрдүү шаңдуу оюндарды ойношот. Бир убакта кеч да кирет. Саз кубанычта болгон курбакага:

— Кичинекей курбака, сен эртең да кел. Сени менен ойногон жыргал экен. Мен эч ким менен мынчалык чер жаза ойногон эмесмин,- дейт ыраазы боло.

Курбака да саз менен ушул күндү өткөргөнгө аябай кубанычта болчу. Ал дагы сазга карап:

— Мен да сендей дос тапканыма аябай кубанычтамын. Кечке кандай гана жыргап ойнодум дейсин. Анда эртең дагы келем,- деп зыпылдап секире үйүн көздөй жөнөйт.

Ал кетип баратса жолдо өскөн кулпурган бир гүл ага кайрылып:

— Бүгүн кечке жыргап ойнодуң го балакай. Кел эми менин жалбырагымда жатып бир аз эс алып ал,- дейт. Албетте, бул да достуктун белгиси эле.

Кубанган курбака макул болду да, гүлдүн жалбырагынын үстүнө жатып алып, гүл менен маектеше баштайт.

Ал экөө көпкө чейин сырдашып, кызыктуу окуяларды айтып аңгеме курушат. Анан бир маалда курбака гүл менен коштошуп, үйүнө келет. Ал уктайын деп жаздыкка башын коёрдо: «Ушунча жыл бекер эле жашынып жүрүптүрмүн да. Мен бирөөнү жакшы көрсөм ал да мени жакшы көрөт тура. Бактылуулук башкаларды сүйө билүүдө турбайбы… Көрсө достук сырткы көрүнүш менен эмес, ички дүйнөнүн сулуулугуна жараша болот экен го…» — деп ойлонуп, анан жылмайып уктап калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
ЖАЛКОО16
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *