Мурункулардын айтканы боюнча качандыр бир кеменгер падыша Сулайман карыганда  өлүмдөн өлгөндөй коркуптур. Ошондо каардуу күчтөрдүн колдоочусу  ага келип мындай дейт:

–  Оо өкүмдар! Ичинде мүрөктүн суусу бармынабул чаначты кабыл ал да, түбөлүктүү жашоого жетип өлбөс болуп кал.

Бирок кары падыша акылдуу эле, андыктан сак дагы болучу. Ал өзүнүн хан сарайынын жанынан өтүп бараткан биринчи үч кишини өзүнүн алдына алып келүүнү буюрду. Көп өтпөй жоокерлер анын алдына алып сатар соодагерди, илелүү жоокерди жана карапайым  дыйканды алып келишти.

Сулайман алгач эле илелүү жоокерден сурады:

–  Ачыгын айтчы, мен мүрөктүн суусун ичсем бактылуу боло аламбы?

– Албетте, болосуз! Миң жыл өмүр сүрсөң, бүт жер жүзүн багынтууга убактың кенен болот. Айланаңда багынтылган элдердин чөгөлөп турганы бакыт эмеспи?

Ошондо падыша соодагерге бурулуп:

–  Буга сен кандай карайсың?–  деп сурады.

Соодагер мындайча жооп берди:

–  Албетте, падышам, бактылуу боло аласың! Сен миң жыл жашасаң, байлыгың жыл сайын көбөйө берет. Байлыгыңдын көз көрүнөө өсүп баратканын көргөндөн өткөн бакыт барбы?

Ошондо падыша карапайым дыйкандан сурады:

–  Эгер мен мүрөктүн суусун ичсем бактылуу боло аламбы?

Дыйкан мындайча жооп берди:

–  Оо падышам, жоокер менен соодагер сага жарым гана чындыкты айтышты. Алар сага эмне үчүн бактылуу болушуңду айткандары менен эмне үчүн бактысыз болушуң мүмкүн экенин айтышкан жок.

–  Сен эмне деп келжиреп турасың, макоо?–  деп кыйкырып жиберишти жоокер менен соодагер.–  Өлбөстүккө жетишкен падыша кантип бактылуу боло албайт?

–  Укчу мени кеменгер, падыша Сулайман,–  деди дыйкан.–  Сен мүрөк суусун бир ууртап ичүү менен өлбөс болосуң. Убагы келгенде сенин сүйүктүү аялың өлөт. Сен болсо байлыгыңдын кантип өсүп баратканын көргөнүң менен жашоосу аяктаган сүйүктүү балдарың улам карып, улам азайып баратканын  да көрүп турасың.  Сен өзүңдүн мамлекетиңдин гүлдөп өсүп, өнүгүп, күчтөнүп баратканын көрүп кубанасың.  Бирок артка кетүүлөр менен айрылуулар аларды жууп кетип турат. Ошентип бир күнү  эле жакын замандаштарыңдын, үй-бүлөңдүн, досторуңдун айланаңда калбай калганын көрөсүң. Мына ушундай бакыт сени күтүп турат кемегер, өкүмдарым. Ал эми азыр колуңдагы чаначтагы мүрөктүн суусун ичишти же ичпей коюшту өзүң чеч. Ичсең, көп жашап өлбөс болосуң, бирок бактылуу боло албайсың. Ал эми ичпесең аз жашайсың, бирок бактылуу бойдон каласың.

–  Эч качан ичпейм!–  деп капысынан кыйкырып жиберди Сулайман.–   Эгер айланаңда сүйүктүүлөрдөн эч ким болбосо, жашап эмне кереги бар? Алтынга көмүлүп түбөлүк жашап, небере-чөбөрөлөрдүн жамандыгын көргөнчө өлгөн жакшы!..

Ошентип түбөлүк жашоодон баш тарткан Сулайман мүрөк суусун өз колу менен жерге төгүп, анын чаначын сууга ыргыттырды. Ошон үчүн кара жер өлбөс, суунун жүрүшү түбөлүктүү экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Акылдуу балдар37
Алия менен жылкы35
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок28
ЖАЛКОО22
Көмөч нан (колобок) жомок18
Алтын балык17
Кедей бактысы12
Сарымсак байдын өлүмү (насыят -жомок)12
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)11
Рум падыша менен турум падыша8

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *