Казак жомогу. Бир жесир аялдын 2 баласы – бир уул, бир кызы бар эле. Алар абдан кедей жашай турган, эч качан курсагы тойгон эмес, бүтүн кийим кийишкен эмес. Убакыт өтүп, балдар бой жетишти, бирок жокчулук жесир аялдын үйүнөн кете койгон жок. Бир жолу баласы апасынан сурайт:
– Бакыт деген эмне?
– Кагылайын балам, ар дайым курсагы ток, кийими бүтүн жана эч качан кайгырбаган адам бактылуу. А эгер бул адамдын кыйын учурда акыл-насааты менен жардам бере турган акылдуу досу болсо, анда мындан башка бакыттын кереги жок.
Апасы ушинтти да, оор үшкүрүндү. Бирок баласы өзүнүн ойлору менен алышып апасынын тынчын койбоду. Дагы сурады:
– Бир уламышта эр жүрөк баатырды дайыма бакыт, ийгилик коштоп жүрөт деп айтылат. Муну кантип түшүнсөк болот, мага түшүндүрүп бериңизчи.
– Бул чындык, балам, – деди апасы. – Эгер белгилүү бир максатка умтулсаң, анда бакыт жана ийгилик дайым сени менен болот. Максатыңа жетүү үчүн өжөр жана тырышчаак болсоң, албетте, бакытка жетесиң.
– Андай болсо, бакыт качан келет экен деп күтүп отура бербестен, мен өзүм бакытты издеп табышым керек.
Баласы ушинтти да, апасынан уруксат сурап, бакытты издеп жолго чыкты. Апасы баласына майга талкан маштап берди да, узун жолго узатты.
Жаш жигит узун жол жүрдү, эчен-нечен ашууларды ашты, дарыяларды кечип өттү, акыры жолунан чытырман токой чыкты. Бул токойдо жерде жок перилер жашашчу.
– Эй, адам баласы, – деп кыйкырды перилердин бири, – Бул жакка эмнеге келдиң? Бул жакка келсең өлүм күтүп турарын билбейсиңби?
– Мен өлүмдөн коркпойм, – деп коркпой жооп берди жигит. – Эгер мени менен күч сынашкыңар келип жатса, чыккыла.
– Биз даярбыз, – дешти перилер. – Биздин шарт мындай: ким бул кара таштан майчыгара алса, ошол жеңүүчү болот. Ал эми жеңүүчүгө бардыгы баш ийиши керек эмеспи.
– Макулмун, – деди жигит, а ичинен перилерди кантип алдасам экен деп ойлонуп жатты.
Биринчи перилер ишке киришти, бирок канчалык аракет кылышпасын, кара таштан май чыгара алышпады, таш кургак боюнча калды. Ташты жерге таштап, чарчап-чаалыгып отуруп калышты.
Жаш жигиттин кезеги келди. Ал оор жумушка даярданып жаткандай колун ушалап, койнундагы майга машталган талканга байкатпастан колун салып, шыбап, кайра колун ушалай баштады. Анан ташка барып, колу менен кармап туруп, майлуу колдорун перилерге көрсөттү:
– Мынакей, таштан май чыгардым. Эми баарыңар мага баш ийишиңер керек.
Перилер аргасыз макул болушту. Жигитти өз үйүнө алпарышты, сый көрсөтүштү. Дасторконун жайнатып, тамагын беришип, төшөк салып жаткырышты. Жигит өзү жалгыз калды, а уйкусу келбей койду. Жанатан дасторкон үстүндө перилер өздөрүнчог шыбырашып жатышканын байкаган. Алар аны өлтүрмөкчү болуп жатканын болжогон. Жигит төшөгүн алды да, үйдүн башка бурчуна жылдырып жатты да, төшөгү турган жерди өзүнүн чапаны менен жаап койду.
Түн бир оокумда перилер ойгонуп, үйдүн чатырына чыгышты да, жогорудан коноктун төшөгүнүн үстүнө килейген ташты кулатышты. А эртең менен алар конок жаткан бөлмөгө киришсе, жигит аман-эсен, тирүү экен. Таң калган перилер баары жарыша:
– О, кымбаттуу конок, кандай уктадыңыз? – дешти.
– Жакшы уктадым, бирок бул жакта бүргө көп экен.
Перилер бул жигиттен кантип кутулууну амалын ойлонуп жатышты. Эгер ташка да өлбөсө, бул баарыбызды жок кылат. Анан алар жаш жигитке толтура байлык берип, өздөрүнүн падышачылыгынан чыгарып коюунчу чечишти. Так ушундай кылышты. Алар бир нече периге алтын жана кымбат баалуу белектерди жүктөп, конокту үйүнө чейин узатып келүүнү буйруду.
Жиги үйүнө баратты, артында перилер. Жолдо жоон жумуру жыгач жатыптыр. Жигит токтоп:
– О, бул жыгач апамдын ийигине сонун болот, – деп алды да, перинин бирине жүктөп, жолун улады. Перилер бирин-бири тиктешип, жигит гана эмес, анын апасы да ушундай күчтүү турбайбы деп ойлонуп калышты.
Жаш жигит үйүнө аман-эсен жетип келди. Перилер жеткирип артка кайтышты. Ошол күндөн баштап жесир аял балдары менен кедейчилик эмне экенин билбей жашашты.
Кыргыз тилине которгон: «ЫКЧАМ» котормо борбору
Оа
Бул жерде ката бар ну 342 мен санаган жокмун примерна