Бир ташбака абдан акылдуу экен, куулугу да башынан ашыптыр, бактарга жармашып чыкчу экен. Ташбака тукумунан бир башкача шамдагай да болуптур.
Ал бир күнү токой аралап жүрүп мөмөнү укмуштай мол байлаган банан дарагына туш болот. Көп ойлонуп турбастан бакка тырмышып чыгып, эзиле бышкан банандарга жакшылап тойгон соң, алардан үйүнө да көтөрө кетмек болуп: үзүп жерге таштай баштайт.
Бул банан дарагынын кожоюну катаал болгон үчүн даракты абдан кыраан кыргыйга кайтартчу экен. Ташбака корукка кирген учурда кыргый жем издеп учуп кеткен болот. Ошентип ташбака өз билгенин кылып жатканда кыргый чабытынан келип калып, коругуна кирген бул ууруну көрөрү менен дароо эңип алып, ташбаканы бийиктен ылдый таштап талкалаш үчүн көкөлөп жөнөдү.
— Ак көңүл кырааным, кечирип кой мени, — ташбака эмне болгонун жана сактанбаса эмне болорун түшүнөрү менен сөзгө келди. – Чынында эле чоочун бирөөнүн багына кирип ууру кылуу абдан уят иш, буга мен азыр абдан өкүнүп турамын. Ошондуктан мени жакшылап жазалооңузду суранам, бул үчүн мени тээтиги аска-ташка таштооңузду өтүнөм. Мен ошого татыктуумун.
“Бул кууланып жатат, аскаларга түшсө – аман калышы ыктымал, андан көрө муну токойго таштайын”, — деп ойлонгон кыргый аскалардын үстүнөн бурулуп, токойду карай шуңгуду.
— Мунуңа да макулмун кырааным, таштарга тийсем кыйналбай өлөт, андан көрө дарактарга урунса көпкө чейин азап чегет деп чечтиң окшойсуң. Мен андай азаптуу өлүмгө да макулмун. Анткени ошого тете күнөө кылдым. Анда эмесе таштасаң ташта, мен өлүмгө даярмын! – деп ташбака ого бетер кууланды.
“Сен токойго түшүүнү абдан эле каалап жатасың, дарактарга жабышып аман калгың бар. Андан көрө сени көлгө чөктүрүп өлтүрөйүн!” – деген чечимге келген кыргый канат күүлөп, көл үстүнө жетери менен ташбаканы таштап жиберди. Ал эми ташбакага ушул эле керек болчу, анткени ал сууда жакшы сүзчү.
Ошентип коруктун кароолчусу кыргый экенин, ал кайсы бир убакта кайдадыр жем издеп учуп кетерин билип калган ташбака ошондон кийин абдан сактык менен ал жакка кирип, мөмөлөрдөн каалашынча жеп, көтөрүшүнчө алып кетип жүрдү. Бактын начар кайтарылып жатканын кожоюн бат эле билип, начар кароолчуну жумуштан бошотту. Ошондон кийин кыргыйлар ташбакаларга өч болуп калыптыр, алар тырмактарына илинсе көлгө да, токойго да эмес, дал эле аска-таштарга ыргытчу болуптур.