«Баарын бирдей көрүү керек…»
Илгери-илгери бир заманда чон токойдо бир коркок чычкан жашаптыр. Ал чычкан баардык нерседен корко берчү экен. Кабылан көрсө эси ооп, түлкү көрсө чый-пыйы чыгып качып кетчү. Ал эми крокодилди көргөндө болсо, тим эле көзүн да ачпастан жумуп алып тызылдаган бойдон качаар эле. Жада калса бул коркок неме бутак, дарак сыяктуу ордунда турган нерселерден да корко берет.
Акыры коркконунан чыдай албаган чычкан токойдун падышасы арстанга барат да:
— Сүйүктүү падышам арстан, менде аябагандай чон маселем бар. Ошого өзүңүздөн жардам сурап келдим. Мен байкуш бир гана сизге гана ишене алам. Эми мени угуп коюңуз. Ушул токойдогу жаныбарлардын эң коркогу менмин. Өмүр бою ушинтип коркуп эле жашап келе жатам. Дарактан жалбырак түшсө да, коркуп кулап түшөм. А сиз болсо ушул чон токойдун падышасысыз. Эч ким сиздин жанынызга келе албайт. Бул кен үңкүрүнүздө мага да орун барбы? Мени ушул жерге кабыл алсаныз, сиздин такыр тынчынызды албастан жашаймын, — дейт.
Арстан үн катпай чычканды угуп жата берет. Арстандын унчукпаганын пайдаланып чычкан дагы аны карап:
— Билем, мендей коркоктун кереги жок сизге. Сиз учун колумдан келгендин баарын жасаганга аракет кылам. Бул жакшылыгынызды бир күнү кайтараармын, — дегенде арстандын жини тим эле кайнап кетет да, көзүн чоон ачып чычканды атып ийчүдөй карап:
— Эй, тарбиясыз бала! Сен мага эмне кыла алмак элен? Сенин мага кандай пайдан тийсин ыя? Токойдун падышасы сенин жардамына муктаж болмок беле?.. Жогол көзүмө көрунбөй! — деп кыйкырат.
Бул ачуу кыйкырык коркок чычкандын жүрөгүн укмуш тушүрөт. Ал жүрөгү тушуп тызылдаган бойдон чуркап токойдун ары жагына кантип өтуп кеткенин байкабай калат.
Акыры өзүнө бир тeшик таап кирип алат да, көпкө чейин ал тешиктен чыкпай жашай баштайт.
Ошол күнү арстан жанына келгендин баарына ачуусу келип кыйкыра берет. Токойдо жүрөгүнүн үшүн албаган жаныбар калбайт. Баары арстандан коркконунан токойдо көзгө көрүнбөгөн жерлерге жашынып алышат.
Бир күнү арстан ууга чыгат. Ал токойдо ан уулап жүрүп жолундагы анды көрбөй түшүп кетет. Канчалык чыкканга аракет кылса да андан такыр чыга албай коёт. Бир секирет, эки секирет, тилекке каршы чыга албайт. Аягында дарактын тамырларына жабышып, болгон күчүн сарптайт. Дагы эле жыйынтык болбойт. Акыры күчү калбай алсырап, андан чыга албаганына көзү жетет.
Мына ошондо өзүнө келет да: «Жардам сурап келген чычканды эмнеге куудум экен?.. Байкушту тим койсом, азыр мага жардамы тиймек эле. Эми мени бул жерден ким куткарат?.. Баарына бирдей карап, эч кимди төмөн санабаш керек тура. Токойдо ар бир жаныбардын өзүнчө орду бар экен» — деп өкүнүп калган экен.