«Элдин тынчын алган-эси жоктун иши»

Алыскы бир айылда бир тентек бала болуптур. Анын тентектиги аябай ашынып кеткендиктен аны баары жаман көрчу Ал көчөгө чыкканда элдин баары үйүнө кире качышчу.

Апасы бир куну аны нан алып келгенге жөнөтөт. Ал түз эле нан бышырган жайга кирип барат да:

— Мага нан бергиле. Бир нан бергиле деп жатам силерге,- деп кыйкырып кирет.

Анын бул кыйкырыгынан ал жерде иштеп жаткан аялдын уктап жаткан кичинекей уулу ойгонуп алып ыйлай баштайт. Бөбөктүн апасы тентек балага кайрылып:

— Кандай ойлонбогон баласын? Үнүндү акырын чыгарып сүйлөбөйсүнбү?- деп жиндениптир.

Бул сөздер тентек баланын бир кулагынан кирип, экинчисинен чыгып кетет. Ошентип тентек бала нанын алып уйунө жөнөйт. Үйүнө баратып ал жол бою каткыра берет.

Муну керген бир жаш келин терезеден башын чыгарып:

— Эй бала! Эмне болду сага? Акырын күлгөнгө болбойт бекен? Балам ооруп жатат. Унун анын тынчын алып жатат. Бар кетчи тезирээк!- деп ачууланат.

Тентек бала анын айтканын угуп да койбой, андан дагы катуураак үн менен күлүп, анан бир маалда ырдай баштайт. Жолдо дагы жөн баспай таап алган бош идишти тепкилеп, калдырата баштайт. Мына ушинтип ал баарына жаман көрүнуп, элдин тынчын ала берет.

Эртеси күнү ал кайра нан алганы келет да, күндөгүсүндөй:

— Мага нан бергиле! Укпай жатасынарбы? Мага нан деп жатам!- деп кыйкыра берет. Нан бышырган киши унчукпай нанын берет. Ал унчукпай койгонуна тентектин жини келет да, суйлөнуп алып ал жактан чыгып кетет.

— Жолдо баратып баягыдай эле каткырып, анан бош бөтөлкөну тепкилеп, ышкырык салат. Мына ушинтип баратканда ошол жердеги уйлөрдун бирөөсүнүн терезесинен бирөө башын чыгарып бир челек муздак сууну тентектин башына куюп жиберет. Суу муздак болгон учун бала бир заматта ушуй баштайт. Ал титирегенинен унун такыр чыгара албай калат.

Эптеп жатып үйүнө жетет. Үйүнө барып кийимин алмаштырат да, жатып алып ойлоно баштайт. Акыры өзүнүн элге кылган тентектиктери туура эмес экендигин сезет. Анан да өзүнүн кандай гана жаман жоруктары бар экенин түшүнөт.

Мына ошол күндөн баштап тентек бала жаман жоруктарын жана тентектигин таштап, жакшы балдардын катарына кошулуптур. Ошондой эле бара-бара элге урмат-сый көрсөтүүнү да үйрөнгөн экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок23
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Один комментарий к “Тынчтыкты сактоо — Тентек бала”

  1. жок ,Бир кызыктай болуп калыптыр го неге жон эле жатып ойлонсо эле мээсине кирмек беле

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *