«Атана кандай сый көрсөтсөң уулундан ошондой сый көрөсүн»

Илгери-илгери бир замандарда уул-келини менен бирге жашаган бир карыя болуптур. Карыя өтө карыгандыктан кулактары укпай, көздөрү да көрбөй калыптыр. Басканда да аябай кыйналчу экен. Ушунчалык карыгандыктан ал отуруп-турганда баардык жери калтырап-титиреп кетчу. Жада калса тамак жегенде да аябай кыйналаар эле.

Тамактанып жатканда астына коюлган тамактын жарымын жерге төгүп алчу экен. Уулу менен келини картан абышканын бул абалына аябай жиндери келиптир. Алар колдон келгенинин баарын жасашыптыр. Бирок абышка ошол бойдон эле эч өзгөрүлбөй калыптыр. Буга аябай жинденген келини бир күнү:

— Ата, сиз аябай карыдыңыз, тамак жегенде бүт төгүп салып жатасыз. Ошондуктан тамакты дасторкондо эмес, короодогу кепеде жейсиз, — дейт.

Мына ушинтип карыя тамакты кепеде жеп калат. Карыяга келини бара-бара аз өлчөмдө тамак бере баштаптыр. Анан калса ага тамакты сынган, эски идиштерге куюп берип калышыптыр.

Акыры карыя уул-келининин бул кылгандарына аябай ыза болот. Кепеде отурганда үйдөн чыккан каткырыктарды неберелеринин күлкүлөрүн жана алардын ойногондогу үндөрүн уккан сайын жалгызсырап өзүн жаман сезе баштайт.

Бир куну байкуш абышка келини тамак куюп берген чынысын капыстан колунан түшүрүп сындырып алат. Бул сынган идиштин үнүн укканда келини чуркап келет. Ал сынган чыныны көргөндө ачуусу келип, буркан-шаркан түшүп, карыган абышканы аябай урушат. Анан жинденген келини карыянын астына тактайдан жасалган жыгач табакты коёт да:

— Эми мындан кийин сага ушул жыгач табакта тамак беребиз. Түшүрүп ийсен да сынбайт- деп кыйкырып чыгып кетет.

Карыя келининин мындай кылыгына абдан нааразы болуп, ушундай тагдырына аябай ыза тартып зээни кейийт.Табактан оозуна салган ор бир тамагы ага ачуу сезилип акырын көз жашын кылгыртат.

Бир күнү карыянын уулу менен келини тамактанып жатышканда, тамактанып бүткөн балдары четке чыгып өздөрүнчө ойной башташат. Ангыча бир баласы узун жыгачты алып, аны бөлүктөргө бөлүп кескилей баштайт. Муну көргөн апасы менен атасы кызыгып уулунан:

— Балам, сен эмне кылып жатасың? Бул кандай оюн? — деп сурашат.

Анда уулу аларга жылмая карап:

— Силерге жыгачтан табак жасап жатам. Чоң атам сыяктуу карыганыңарда ушундай жыгач табакта тамак берем да, — дептир.

Карыянын уулу менен келини уулунан жообун угушканда уккан кулактарына ишене алышпай ооздору ачылып, бирибирин тан кала карашат.

Анан аябай уялышып, атасына кылган мамилелери такыр туура эмес экендигине түшүнүшөт.

Экөө тең ордунан ыргып турушат да, кепеге барып атасын жөлөп-таяп тургузушуп үйгө алып киришет. Карыядан анан кечирим сурашат. Көзүнө жаш алган карыя уул-келинин кечирет.

Ошентип уул-келини ага эң жакшы тамактарды беришип, төксө да, чачса да урушпай, жакшы мамиле кыла башташат. Мынакей, кичинекей баланын оюну ата-энесине ушинтип эн чон сабак болгон экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы66
Акылдуу кыз жомок48
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар31
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Один комментарий к “Улууларды сыйлоо — Жыгач табак”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *