«Жакшылык менен жамандык бирдей эмес. Сен жамандыкка тоскоол бол. Ошондо душманын дагы сага дос болот»

Бир күнү бир акылсыз киши бүркүттү кармап алат. Аны кармап алганы аз келгенсип, ал байкуштун канаттарынын учун кыркып, тоок, өрдөк, каздар жаткан кепеге киргизип коет.

Мындай абалга туш болгон бүркуттүн кабагы бир да ачылбай коёт. Өзүн колго түшкөн туткундай сезип, ары-бери басып жүрө берет. Ошол учурда кепенин жанынан бир киши өтүп баратып, бүркүттү көрүп калат. Ал киши көргөн көзүнө ишене албай бүркүттү аябай таңыркап карайт.

Анан бүркүттүн канатынын кыркылганын көрүп зээни кейийт. Көңүлү чөгүп, бул бүркүткө кантип жардам бере алаарын ойлоно баштайт. Анан ал бүркүттү сатып алууну чечет да, анын ээсинен бүркүттү сатууну сурайт. Бүркүттүн ээси макул болот. Тигил адам бүркүттү үйүнө алып барып, канаттарынын жарааттарына дары сүйкөп бага баштайт. Бир канча күн өткөн соң, бүркүткө жаңы канаттар чыгат.

Анан бул адам бүркүттүн канаттары өскөнчө күтүп, алар кадимкидей узарганда аны эркиндикке учуруп жиберет.

Бүркүт учуп барып дароо эле бир коён кармап келет. Анан аны өзүн куткарган кишиге алып берет. Муну көрүп калган түлкү бүркүткө:

— Эмнеге коёнду буга бересин? Ал ансыз деле жакшы адам. Ал ошондой жаралган. А көрөкчө тиги биринчи кармап алган кишиге бер муну. Ага берсен балким уялып, экинчи жамандык кылбай калаар. Ушу бойдон калса, дагы бир күнү сени кармап алып, баягы эле кылыгын кайталашы мүмкүн. Анан кайра канаттарынды жулуп жыланачтайт,- деп кеңеш берген экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Кырк калп жомок25
Көмөч нан (колобок) жомок23
Карышкыр жана жети улак18
Карышкыр менен эчки18
Коён менен кирпи18
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *