«Жалганчынын сөзүнө эч ким ишенбейт»

Бир айылда ар дайым жалган суйлөгөн бир калпычы бала жашаган экен. Ал баланы эч ким жактырчу эмес. Баардык адамдар ал жөнүндө: «Калпычы балабы? Ал дайым жалган суйлөйт» дешчу да, анын сөзунө такыр ишенишчу эмес.

Чындыгында элге калпычы болуп таанылуу кандай жаман жана өкүнүчтүү нерсе… Анткени, калпычы чындыкты айтып жатса да, ага эч ким ишенбей калаары айдан ачык иш.

Күндөрдүн биринде апасы ал калпычы баланы уйунө жалгыз таштап, өзү базарга жөнөдү. Кетип бара жатып баласына:

— Тентектик кылбагын макулбу! Мен келгенге чейин тартиптүү отуруп тур,- деп эскертти.

Калпычы бала апасына тим эле жан талашып:

— Макул апа, сен эч кам санаба. Мен уйдө тынч эле отуруп турам,- деди.

Бул калпычы бала кайдан берген убадасын аткарсын. Апасы эшикти жаап чыгаары менен эле калпычы бала ширенкени алып, аны биринен сала бирин күйгүзүп, анан кайра өчүрүп ойноп жатты. Ойноп жатып тим эле жыргады. Бирок бир маалда кокустан өзү күтпеген бир окуя болуп кетти. Кайдан-жайдан экени белгисиз жалын чачырап, бир заматта от пайда болду да, жерде жаткан төшөктөр жалбырттап күйө баштады. Калпычы бала муну көруп жүрөгү түштү. Дароо сыртка чуркап чыкты да:

— Жардамга!!! Жардамга, биздин үйүбүз өрттөнүп жатат!!! — деп кыйкырып жатты. Ал коншуларына кирсе алар баланы тоотпостон:

— Сен дагы калптарды айтып жатасын. Дагы баягы бизди ойноткон калптарындын бири да. Башты оорутпай кетчи,- деп кенул бурбай коюшту.

Мына ушинтип калпычы баланын үйү өрттөнуп жатты. Үйдү өчүрүүгө жардамга эч ким келбей койду. Бала эмне кылаарын билбей далбастап калды.

Бул учурда апасынын базардагы иши бутуп келип калган эле. Апасы уулуна аябай ачуусу келди да, дароо келээри менен өрт өчүргүчтөрдү чакырды. Өрт өчүргүчтөр келгенде үйдүн жарымы күйуп кеткен болчу. Алар эптеп жатып араң уйдун бир бөлүгүн сактап калышты калпычы бала апасынан кечирим сурап, экинчи мындай ишти жасабай турганга убада берди.

Ал мына ушул окуядан кийин өзүнүн катасын жакшы тушунду. Ушундан кийин жалган сүйлөгөндү таптакыр таштады.

Албетте, эгер адам калпычы болсо, анда анын айткан сөздөру чындык болсо дагы ага эч ким ишенбей калаары анык.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок38
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Жалган суйлөө — Калпычы бала: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *