«Колунда барга шүгүр кылбаган, эч качан бактылуу боло албайт»

Илгери-илгери эч нерсеге ыраазы болбогон, бир капалуу бала жашаптыр. Ата-энеси анын бактылуу болуусу үчүн ар түрдүү оюнчуктарды, буюмдарды жана кийимдерди алып беришчү экен. Бирок, бала эч аларга ыраазычылык билдирип рахмат айтпаптыр. Апасы уулун аябай жакшы көргөндүктөн ага жаккан жагымдуу таттууларынан, тамактарынан жасап берчү. Бирок уулу буларга да ыраазы болбойт. Ошентип, мындай нерселерден да эч майнап чыкпайт. Бул капалуу баланы эч нерсе бактылуу кыла албайт.

Бир күнү апалуу бала жолдо окууга баратып, ыйлап турган бир баланы көрөт. Ал анын жанына барып, эмнеге ыйлаганын сурайт. Ал ыйлаган бала аябай жүдөңкү эле. Ал капалуу балага ыйлап жатып: — Курсагым аябай ач, эч кимим жок. Ата-энем да жок, деп жооп берет.

Анда тиги дайыма капалуу жүргөн бала:

-Жүр, биздин үйгө, — деп үйүнө ээрчитип барат. Баланын абалын көргөн ата-эне бул жүдөңкү балага аябай жумшак, жакшы мамиле жасашат. Өздөрүнүн капалуу жүргөн баласынын кийимдеринен кийгизишип, оюнчуктарынан беришет. Апасы таттуу тамактарды бышырып берет. Капалуу бала болсо ага өз оюнчуктары менен ойногонго уруксат берет. Байкуш бала мындай мамилеге ыраазы болуп, дайым капалуу болгон балага:

— Сен кандай гана бактылуусун! Оюнчуктарың, үйүң, ата-энең бар. Каалаганыңды жейсин, каалаганыңды кийесиң, мектепке барасың. Ата-энең сага окуганга китептерди сатып берет. Менин болсо эч нерсем жок. Мектепке да бара албаймын. Менин ата-энем, жада калса жашаган үйүм да жок,- деп кейийт.

Муну уккан капалуу бала ал сөздөрдөн кийин, өзүндө кандай сонун нерселер бар экенин билет да, кылган кылык-жоруктары үчүн аябай уялып калган экен.

Капалуу бала ойлонуп отуруп: «Эми мындан кийин такыр капаланбаймын», — деп өзүнө сөз бериптир.

Шүгүр келтирүү - Капалуу бала 2

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы51
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу кыз жомок31
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок26
Кырк калп жомок25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок16
Карышкыр менен эчки16
Коён менен кирпи16

Шүгүр келтирүү — Капалуу бала: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *