«Адилеттүүлүк болбогон жерден чындык качат»

Илгери-илгери бир падыша болуптур. Анын күчтүү, акылман жана кылычты кыйын колдоно билген эки уулу бар экен. Падыша уруш-талаш чыкпашы үчүн балдарына байлыгын өз ара бөлүштүрүп бериптир. Өзү башкарган өлкөнүн жарымын чон уулуна, жарымын кичинесине берет. Ошентип падыша көз жумгандан кийин, осуятка жараша өлкө экиге бөлүнөт.

Кичинеси акылдуу, кең пейил жана адилеттүү болгондуктан элин тынч башкарып, жыргалчылыкка бөлөйт. Ал элинин сүймөнчүлүгүнө ээ болот. Кала берсе көптөгөн элдер келип өздөрү баш ийип, падышачылыгына кошулууну суранышып, ага ыраазычылык билдиришет.

Ал эми падышанын чон уулу болсо, дагы бай болгусу келет.

Ошондуктан ал элге салык салып, мурдагы салыктарын дагы көбөйтүп, элдин абалын оорлоштуруп салат. Эл ага обдан нааразы болушат. Падышанын бул уулу элдин каарына калып жатканын өзү да байкабай калат. Аягында элдер эгин эккенден баш тартышат. Өлкөдө өндүрүш токтогондуктан өнүгүү да таптакыр токтоп калат. Мурда кошуна өлкөлөрдөн келген соодагерлер эми такыр келбей калышат. Алар: «Адилетсиздик бар жерде соода да болбойт дешип, бул өлкөгө келип соода кылуудан баш тартышат. Ушундан улам бул өлкө күчү кетип, алсырай баштайт.

Ошол учурда өлкөнүн мындай абалын чоң мүмкүнчүлүк катары баалаган душмандар да жок эмес эле. Ал душмандар бул өлкөгө согуш ачып, адилетсиз падышачылыкты жер менен жексен кылып, өлкөнү тып-тыйпыл кылышат.

Душмандардан женилген адилетсиз падыша баш калкалоо үчүн инисинин өлкөсүнө качып кетүүгө аргасыз болот.

Ал акыры башына түшкөн кыйынчылыкка өзү күнөөлүү экенин билип, элинен кечирим сурайт.

Ал ошентип өлкөсүз калат да, инисине вазир болуп жашап калат. Кемчилдигин кийин сезген бул адам мындан ары адилеттүүлүктү колдон чыгарбай, инсандарга кең пейилдуулук менен мамиле кылып калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок23
Кырк калп жомок21
Нооруз жөнүндө жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *