«Ар ким пейилинен табат»

Дениздин жээгинде элдери балыкчылык менен күн өткөргөн бир айыл бар экен. Ошол айылдагы үйлөрдүн биринде бир чычкан жашаптыр. Үйдө мышык болгонуна карабастан ал чычкан башка чычкандар жете албаган тамактарга акылдуулук менен жетип алчу экен.

Бир күнү бул чычкан ашканада жаңыдан бышып жаткан мидиянын (дениз жаныбары) даамын көргүсү келиптир. Себеби үйдүн кожейкеси күйөөсүнө быша турган мидиянын (дениз жаныбары) даамын айтып жатканын угуп калган болчу.

Ошентип башка чычкандар бул чычканга эскертүү бергенине карабастан, ал дал ошол бышып турган мидиянын (дениз жаныбары) даамын сөзсүз сезүүнү максат кылган эле. Анан чычкан ашканага кирүү үчүн бир мүмкунчулук издей баштайт.

Эртеси күнү үй ээси мышыгын өзү менен кошо балык уулоого ала кетет. Ушундай мүмкүнчүлүктү таппай турган айлакер чычкан, дароо ашканага кирет да, бышкан мидиянын (дениз жаныбары) үстүнө секирет. Ал мидиянын (деңиз жаныбары) кабыгын тыкылдатып:

— Эй ким бар бул жерде? — деп сурайт.

— Менин атым мидия(дениз жаныбары), — деп жооп берет ал жактагы үн.

Чычкан болсо:

— Кабыгынды ачпайсынбы, таанышалы, сүйлөшөлү. Билесинби, кааласан сени мен деңизге кайра алып бара алам, — дейт.

Бул сөздөрдү угаары менен мидия (дениз жаныбары) кубанып кетет да:

— Чындап эле бул иш колундан келеби?- деп сурап жиберет.

Бул жоопко сүйүнүп кеткен айлакер чычкан:

— Албетте, алып барам. Болгону сен кичине эле кабыгынды ачып койсон эле, мен сени зуулдатып заматта алып барып, денизге жеткизип коё берем,-дейт.

Кубанган мидия (деңиз жаныбары) акырын кабыгын ачат. Бирок шашылган чычкан шашып кетип, мидия (дениз жаныбары) кабыгын толук ача электе эле анын кабыгына колун сала коёт. Чычкандын жаман ниетин түшүнгөн мидия (деңиз жаныбары) кабыгын заматта жаап алат. Мына ошондо айлакер чычкандын мурду кабыктын ичинде калып калат да, жини келген мидия (дениз жаныбары) кечке чейин чычкандын мурдун кармап коё бербей коёт экен.

Эми ал чычканды качан коё бериптир билесиңерби?.. Ошентип ал чычканды кечке чейин бекем кармап тура берип, анан балыкчы, аялы, мышыгы болуп үйгө келген кезде гана коё бериптир.

Бул окуядан кийин айлакер чычкандын башына эмнелер гана келген жок дейсинер. Ууга чыгып, ууланып да көрдү… башкалар менен урушуп да көрдү дегендей…

Ал тургай байкуш чычкан жалган да сүйлөп, айлакерлик кылам деп башына балээнин баарын үйүп алган күндөрү да болгон экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Кырк калп жомок25
Көмөч нан (колобок) жомок23
Карышкыр жана жети улак18
Карышкыр менен эчки18
Коён менен кирпи18
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *