Бир заманда Сарыбай деген кырк жыл кан болуптур. Күндөрдүн биринде элин чогултуп:

«Кырк жыл кан болдум, көрөр күнүмдү көрдүм, ичер суумду ичтим, өлөрүм калды, өсөрүм калган жок, менде аласаңар болсо айткыла, көзүмдүн тирүүсүндө берип кутулайын. Көзүм өткөндөн кийин баарыңар чогулуп, ичиңерден бирөөнү кан көтөрүп алгыла», — деди.

Эли: «Жок, сиз өзүңүз коюп кетиңиз, сиз бизге кырк жыл кан болдуңуз, сиздин сөзүңүздү угабыз», — дешти.

Сарыбай кан: «Жок, өлүүнүн сөзүн тирүү сыйлабайт дептир, мен өлгөндөн кийин сөзүм дагы өлөт», — деди.

Эл көнгөн жок: «Канды өзүңүз көтөрүп кетсеңиз экен», — деп, чуулдап туруп алышты.

Ошондо Сарыбай кан: «Менин он бир жыл жолдош болгон ак шумкарым бар, мен өлгөндөн кийин үч күнгө чейин тамак жебей, канатын какпай жатат. Төртүнчү күнү элди жыйып, шумкарга жем берип учурсаңар ал бирөөгө конот, ошол адамды кандыкка көтөрүп, ак шумкарды канга бергиле, менин арманым артымда бала калган жок, болбосо ак шумкар элди айланып учат беле, бирөөнүн колуна өтүп барат беле?» — деди.

Ата бала жомок

Арадан көп күн өтпөй Сарыбай кан өлдү, ак шумкар айтканындай үч күнгө чейин жем жебей, канат какпай аза күтүп жатты. Ошондо эли чогулуп, төртүнчү күнү ак шумкарга жем берип учурушту. Ак шумкар элди айланып жүрүп акыры бир койчуга конду.

Айрымдары: «Койчуну кандыкка көтөрбөйбүз», — деп чыр кылышты.

Айылдын аксакалдары: «Сарыбайдын тирүүсүндө убадабызды берип сураган элек, айтканыңызды орундатабыз деп ишендиргенбиз. Сарыбай өлгөндөн кийин баштагы сөзүбүз боюнча ак шумкарды учурдук, ак шумкар койчуга конду, койчуну кандыкка көтөрөбүз», — дешти.

Аксакалдардын сөзүн эл жактап, койчуну кандыкка көтөрүшүп, ак шумкарды канга берди.

Койчу адилдик менен эл сураган түзүк кан болду. Колунда жок кембагал кишилерге мал бөлүп берип, казынадагы кийимдерден таратып берип турду. Бирок кан ар жума сайын казынага кирип ыйлап чыгуучу.

Эл мунун себебин түшүнө албай, бир күнү: «Каным, эмне үчүн казынага кирип ыйлап чыгасыз?» — деп сурап калышты.

Ошондо кан: «Казынада көп дүнүйө бар, суйсалган түлкү ичиктер бар, жыйылган атилес, шайы бар, алтын, күмүш баары бар, ошонун ичинде менин койчу убагымда кийген, колго алгысыз жыртык жамаачылуу эски кийимим да бар, мен ошону көрүп ыйлап жүрөмүн»,- деди.

Эли: «Баракелде кан, али ошонуңузду унутпай жүргөнүңүзгө ыракмат», — дешти. Кан бир топ ж ылдарга чейин эл сурап турду. Бирок аял алган жок, байлардын, чоң кандардын кыздарын көңүлүнө жактырган жок.

Эли канга келип: «Сиздин бойдок жүргөнүңүз жакшы болбойт, артыңызда ордуңузду басар бала калсын, бала калбаган Сарыбай канды көрбөдүкпү?» — дешти.

Кан бул сөзгө көнгөн жок, эли кандын оюна койгон жок.Ошондо кан айлындагы кыздарды чогултуп, үч ооз табышмак айтты:

«Күн батыш менен күн чыгыштын ортосу нече күндүк жол, асман менен жердин ортосу нече күндүк жол, калп менен чындын ортосу нече күндүк жол?»

Жандырмагын жандырып келүүгө үч күн мөөнөт берип: «Тапсаңар да, таппасаңар да күнүгө эки маал келип жооп айтып тургула», — деди.

Кыздар табышмакты таба алышпай, күндө эки маал кандын үйүнө чубап барып кайтып жатышты.

Бир күнү талаадан отун алып жүргөн чор таман кедейдин чолок этек кызы: «Эжекелер, күндө эки маал чубайсыңар, кайда барып жүрөсүңөр?» — деп сурап калды.

Анда бир кыз: «Эминеден айланасыңбы, отунуңду алганды билсеңчи», — деди.

Экинчи бир кыз: «Койчу, бул байкуш дагы угуп калсын», — деп, кандын табыш магын айта кетти. Үч күн мөөнөт берди эле, үчүнчү күнү бүттү. Таба албай бара жатабыз», — деди.

Кедейдин кызы: «Эжекелер, мен дагы силерге кошулуп барайын?» — деди.

Кыздар кошуп ээрчитип алышты.

Кан: «Табышмакты ким тапты?» — деп сурады. Кыздардын эч кимиси үн чыгарбастан турушту эле, кедейдин чолок этек кызы тура калып:

«Каным, табышмагыңызды мен чечтим» дегенде,

кан: «Чечкениңди айтчы?» — деди.

Кыз: «Күн чыгыш менен күн батыштын ортосу күн үчүн бир күндүк жол, анткени күн эртең менен чыгып, кечинде батат, жолдо конуп-түнөп жүргөн күндү көрбөдүм.

Экинчи табышмагыңыз: «Асман менен жердин ортосу каш менен кабактын ортосундай, анткени кашыңызды көтөрүп өөдө карасаңыз асман, кабагаңызды түшүрүп ылдый карасаңыз жер көрүнөт», — деди.

Үчүнчү табышмагыңыз: «Калп менен чындын ортосу төрт гана эли, кулак менен укса калп , көз менен көрсө чын, кулак менен көздүн ортосунда төрт эли ыраактык бар», — деди.

Кан табышмагын таптырып жиберип: «Эми бир үч ооз табышмак айтайын, ошо табышмакты тапкан кызды алам, — деп табыш магын айтты.

— Кордук деген эмине? Муңдук деген эмине? Зардык деген эмине?» Дагы үч күн мөөнөт берди.

Кыздар үйлөрүнө барып, күндө эки маал келип, бир да бирөө табышмакты чече албай убара болуп кайтып жатты.

Үчүнчү күнү кан кыздардан табышмагын сурап, табалбагандары үчүн кыздардын башын алмакчы болду.

Ошондо мурунку табышмакты тапкан кедейдин чолок этек кызы туруп: «Каным, сөзүңүзгө кулдук, табышмагыңызды таба албай калган үчүн кыздарда айып жок, баарыбыздын башыбызды алганы жатасыз, ичибизден таап кетсе, бардык кыздар ажалдан калган турат, бирок ал кызды сиз чанганы турасыз», — деди.

Кан: «Жок, бир сөзүм эки эмес, табышмакты туура тапкан кызды алам», — деди.

Анда кедейдин чолок этек кызы:

«Эмесе, мен таптым, — деп чече баштады:

— Кордук деген — оору болот, муңдук деген — өлүм болот, зардык деген — жокчулук деген сөз каным», — деди.

Кан табышмакты тапканына ыраазы болуп, ал кызды жанына алып калып, калган кыздарды үйлөрүнө жиберди.

Кыздар: «Ажалдан калдык» — деп сүйүнүшүп үйлөрүнө кайтышты .

Кан кедейдин кызын жакшы кийиндирип, нике кыйдырып аялдыкка алып:

«Эми ургаачыдан акылдуусу экенсиң, башка бирөөгө акыл үйрөтпө, акыл үйрөтүп койсоң, анда экөөбүз эрди-катын болбой калабыз», — деди.

Бир күнү кандын бир жигити күнөөкөр болуп, айласы кетти, айылдагылар:

«Кандын аялына барып айтсаң, акыл таап, ошол куткарат», — дешти.

Жигит кандын аялына муңканып келип: «Канга күнөөкөр болуп калдым», — деп акыл сурады.

Аялдын боору ооруп, жигитке акыл үйрөтүп: «Кимден үйрөндүң десе, мен экенимди айтпа», — деди.

Жигит аялдын үйрөткөн акылы менен кутулуп кетет.

Аны кан билип: «Ким үйрөттү, айткын, айтпасаң өлтүрөмүн дегенде, коркконунан: «Сиздин аялыңыз айтты эле» — деп чынын айтып берди.

Кан аялына келип: «Убадабыз бар эле, мен ыраазы болоюн, сен мага ыраазы болгун, аздыр-көптүр жолдош болуп бирге турдук, эми менин тактымды кой, таажымды кой, андан башка сүйгөнүңдү алып кет», — деди.

Аялы: «Жакшы болот, бул сөзүңүзгө ыракмат, мен бир тамак жасайын, бирге олтуруп ичели, андан соң кетейин», — деп тамакты жедирип, арак берип, канды мас кылып уктатып, тактысын, таажысын калтырып эки аргымакты арабага коштуруп, канды арабага салып даңгыр жол менен чаң ызгытып, коңгуроону шарактатып алып жөнөйт.

Бир шаарга барганда кан көзүн ачса аялы жанында, өзү бир башка шаарда жүрөт.

Кан чочуп кетип: «Ой, мени эмне кыласың?» — десе, аялы:

«Каным, сөзүңүз эки болбосун, тактымды кой, таажымды кой, башка сүйгөнүңдү ал дедиңиз, таажыңызды, тактыңызды калтырдым, андан башка сүйгөнүм сиз экенсиз, сизди алып келдим», — деди.

Кан өзүнүн сөзүнө жыгылыштуу болуп, аялы менен бирге туруп калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы57
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак34
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
ЖАЛКОО21
Коён менен кирпи20
Кыска жана күлкүлүү жомоктор20
Акылдуу кыз19

Акылдуу кыз жомок: 87 комментарий

  1. Арак ичирип, мас кылып деген жери эле чатак экен.Илгерки заманда арак бар беле деген ой келди да мага.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *