«Нааданга сыйдын баркы жок»

Илгери-илгери чоң жолдун боюнда бир зор чынар терек өсүптүр. Ал жолдон өткөн адамдарга көлөкө болуп, салкын дем тартуу кылчу экен. Чындыгында ушул сапаты чынар теректин өзүнө да жакчу. Анткени ал муну менен жалгыздыктан кутулчу жана адамдар учун пайдалуу болгонун билчу

Ошентип жай келип, аябай ысык күндөр башталыптыр. Ушул убакта чынар терекке анда-санда гана куштар келип конбосо, жолдон эч ким деле өтпөй калыптыр. Акыры чынар терек жалгыздыктан жадай баштаптыр.

Мына ушундай күндөрдүн биринде алыстан эки караан көрүнөт экен. Чынар терек аларды көрүп сүйүнүп кетет. Алар ысыктан кыйналып чарчагандыктан, чынар теректи көрүп кубанышат да, чуркап келип көлөкөгө отуруп калышат.

Чынында эки жолоочу салкын желди аябай энсеп келе жатышкан эле. Алар каалагандай чынар терек буларга мээлүүн жел, салкын аба тартуулайт. Жолоочулар жыргап дем алышат.

Бир маалда бирөөсү башын көтөрүп:

— Эй, бул эмне деген дарак? Бир да мөмөсү жок го?! Myнун кандай пайдасы бар?- дейт нааразы боло.

-Ооба десең, — деп аны коштойт беркиси.

Муну уккан чынар терек тигилердин сөздөрүнө аябай кейийт. Анын абдан кыжыры келет да:

— Менин да тилим болуп ушуларга жооп берсем кана, — дейт өзүнчө ойлонуп.

Так ушул маалда анын тилеги дароо орундалып, ал тилге кирет. Ошондо чынар терек жолоочуларга кайрылып:

— Силер кандай наадансынар?! Көлөкөмдө отуруп, анан мени жамандайсынар да?… Менин салкын көлөкөмдө, мээлүүн желге эс алып, жыргап дем алып, анан ушул айтканынар сыйлагандыкка жатпайт го. Анан ушунча жакшылыгымды көрүп, жамандаганынар кантип болсун? — деп айтып жиберет.

Жолоочулар алгач түшүнбөй: « Муну бизге ким айтып жатат»-деп суйлөнүшүп, ар жак, бер жакты карашат. Акыры бул айткандар чынар теректин сөздөрү экенине көздөрү жетип, аябай уялышат.

Эки жолоочу ошентип чынар терекке туура эмес мамиле кылгандарын билишип, андан кечирим сурашкан экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы66
Акылдуу кыз жомок49
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар31
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *