«Күч бирдикте»

Илгери-илгери бир картан эне жашаптыр. Анын алдуу күчтүү алты баласы болуптур. Ал эненин түгөнбөгөн кайгы-капасы бар эле. Анын кайгысына эртели-кеч алты баласынын мушташы, уруш-талашы себеп экен. Алар ар кимиси өзүн күчтүү деп сезишип, бири-бири менен талашып-тартыша беришет. Эне алардын бул ызы-чуусуна чыдабай кээде ыйлап да алчу экен.

Бир күнү эненин уулдары адаттагыдай урушуп кетишет. Алар урушуп-талашып жатышканда кокустан эле алардын жанына бейтааныш карыя пайда болот. Анын жанында жетелеген чон карышкыры бар эле. Ал карыя балдардан эмнеге урушуп жатышканын сурап:

— Эй балдарым! Силер неге урушуп жатасынар? — дейт.

Балдардын баары биринен-бири өтуп:

— Биз бири-бирибиздин кучтуу экендигибизди сынап жатабыз! — деп жооп беришет.

Анан дагы алар: «Мен күчтүүмүн! Мен күчтүүмүн! — деп кыйкырып жатышкан болчу.

Анан карыя алардын баарынын күчүн сыноо максатында:

— Балдарым! Аранардагы күчтүүнү азыр мен тандаймын. Андыктан баарынды бирден сынап чыгам,- дейт аларды айланта карап чыгып.

Балдар карыянын сөзүн угушат да, кайрадан эле мушташа кетишет.

Буларды карап турган карыя аларга бир-бирден келүүсүн буюрат. Алар бир-бирден карыянын жанына келе башташат. Ар бир келгенине карыя карышкырды коё берет. Ошентип карышкырга эч бири тен келе албай коёт. Аягында баары тен денесинин бир жеринен жаракат алышат. Анан тарап кетишет.

Ошентип карыя дагы көздөн кайым болот.

Эненин балдары болсо жарааттары айыкканча тынч жүрүшөт да, кайрадан эле баягы адаттарын кайра башташчу болушат. Бир жолу дагы бир туугандар мушташып жатканда баягы абышка кайдан-жайдан пайда боло калат да, аларга карай карышкырын коё берет. Анан балдарга:

— Кана, баарынар бирдей карышкырга каршы чыккыла,- деп буюрат.

Баары карышкырдын ар бир жеринен бирден кармашып, акыры аны женишет. Карышкырдын айласы кетип, жерге сулк жыгылып жатып калганда карыя балдарга:

— Мына балдарым, ким күчтүү экенин көрдүнөрбү? Ошондуктан аталарыбыз «Күч биримдикте» деп бекеринен айткан эмес. Дайыма бирге болсонор, силерге эч нерсе каршы да чыга албайт жана тен келе албайт,- деп насаатын айтат.

Мына ошол күндөн кийин эненин балдары урушуп-талашканды токтотушуп, ынтымакта жашап калышыптыр. Алардын урушуп-талашканын эч ким көрбөптүр.

Энеси да көнүлү тынчып, бейкапар турмушта жашап кал ган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки44
Алия менен жылкы43
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Один комментарий к “Биримдик — Ким эн күчтүү?”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *