«Күч бирдикте »
Илгери-илгери бир замандарда карыя жашаптыр. Анын үч уулу болуптур. Аларды карыя бир күнү чакырып, бир боо оролгон чырпыктарды бириктирип туруп, уулдарына берет да:
— Кана, муну киминер сындыра аласынар, — деп кайрылат.
Балдары байланган чырпыктарды алып, сындырганга аракет кылышат. Алгач улуусу алат, бирок ал сындыра албай коёт. Анан ортончусу алып сындырууга канча аракет жасаса да, сындыра албай коёт. Акырында эң кичүүсу алат, бирок ал да эч сындыра албай коёт.
Ошондо карыя:
-Эмнеге сындыра алган жоксунар билесиңерби? Эми карап тургула, карысам да мен аларды кандай сындыраар экенмин! — деп чырпыктарды колуна алат.
Балдары болсо: «Колдору калтырак баскан картан атабыз эми кантип бул чырпыктарды сындыраар экен» деп ойлошуп атасын таң кала карап калышат. Атасы баарын бирден колуна алып сындырып кирет да:
— Мына көрдүңөрбү! Буларды бирден сындырса кандай оной сынат. Чырпыктар жалгыз болгондо кандай күчсүз абалда. Балдарым, силер дагы ушул чырпыктардай чогуу биримдикте болсонор, силерди эч ким сындыра албайт. А эгер жалгыз болсонор бат эле силерди башкалар уруп-согуп же алдап кетиши мумкун. Ал эми чогуу болсонор, эч ким силерге алы жетпейт. Жана ийгилик да силер менен кошо жүрет. Менин көнүлүм тынч болсун десенер, анда биримдикте болгула, — деп насаат берет экен.