«Боорукер болсон, ишин онунан чыгаар»

Илгери-илгери бир заманда кедей бир бала жашаган экен. Ушунчалык кедей болгондуктан, нан алып жегенге акчасы жок болуптур.

Бир күнү ал кедейчиликтен кутулуу жолдорун издей баштайт. Бир жерге барып иштеп, акча табуу оюна келет. Ошентип бала жолдо баратып кофе саткан бир дүкөнгө кирип калат. Ал жердеги сатуучудан:

— Жанынызга шакирт аласызбы?- деп сурайт.

Сатуучу оор дем алып, анан балага:

— Балам ай, менин алуучуларым аябагандай эле аз. Ошону менен аран эле жан багып келем. Ошондуктан мен сага айлык акы бере албайм, — деп жооп берет. Анда бала суранып:

— Макул айлык акы бербесениз деле бир бурчта уктап, бир тиштем нан жесем, ошол мага жетет, -дейт.

Баланын бул суранычын четке кага албаган сатуучу акыры макул болот. Мына ушинтип кедей бала кофе саткан дүкөндө иштеп калат. Кечинде бала дүкөн ээси кетээри менен эшикти жаап, уйкуга кетет.

Мына ушундай күндөрдүн биринде дагы чарчаган бала түндөсү эми уктаарга жатканда бирөө эшикти каккылайт. Эшикти ачып караса бир тилемчи турат.

Ал тилемчи адам балага карап:

— Чон жигит, мага кофе даярдап берчи, — деп суранат.

Бала дароо кофе даярдап берет. Тилемчи кофени ичет да, эч ун катпастан чыгып кетет. Эртеси күнү да дал ошондой убакытта эшик тыкылдайт, ачса эки тилемчи кирип келет.

Алар балага карашып:

— Балам, бизге эки кофе даярдап берчи, — дешет.

Бала дароо эки кофени даярдап берет.

Бала эртеси күнү баардык столдорду эшиктин артына жыйып салып, уктап жатса үч тилемчи шайдоот ичкери кирип келишет. Алар да үч кофе даярдап берүүсүн суранышат. Бала мурдагыдай эле дароо аларга сураган кофесин даярдап бере калат. Алар кофесин ичип алышып, сыртка жөнөшөт. Чыгып баратып үчүнчүсү:

— Бул баланын кофе дүкөнүнөн эч качан кофе жана шекер кем болбосун! — деп бата берет.

Экинчиси болсо:

— Бул баланын кофе дүкөнү алуучуга дайым толуп турсун! — деп бата берет. Андан кийин биринчиси болсо:

— Бул баланын бут каалоолору орундалсын!- деп бата берет.

Ошентип алар кетишет.

Эртеси күнү эрте менен чындыгында эле аябай бул дүкөнгө көп алуучулар келе баштайт. Бала алардын баарына кофе жасап берет. Бир маалда дүкөндүн ээси келип, көргөн көзүнө ишене албай, аябай тан калат.

Мына ушинтип кедей бала дүкөнчү экөө кыска убакыттын ичинде көп акча таап, аябай байышат.

Чынында эле бул убактарда бала апасын, анан мекенин
абдан сагынган болчу. Үйүнө кайткысы келет да, дүкөндүн
ээсинен уруксат сурайт. Кожоюн баланы кетиргиси келбей, бирок айласы жок уруксат берет.

Бир канча күн жол жүргөн бала өз мекенине жетип келет. Бала кофе жасоону үйрөнүп алгандыктан өз мекенинде да кофе дүкөнүн ачат. Убакыт өтүп, апасы экөөнүн турмуштары жакшырат. Анан ал бала шаардагы эң сулуу кызга үйлөнөт.

Мына ушинтип бала акылдуулугун натыйжасында жакшы турмушка жетишип жыргап жашап калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок23
Кырк калп жомок21
Нооруз жөнүндө жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *