«Билимдүү сыпаа, ал эми билимсиз болсо текебер болот»

Илгери-илгери бир айылда буудай талаасы бар эле. Бул талаанын жанында бир мырза терек өсүптүр. Терек буудайларды аябай жакшы көрчү экен. Анын ою боюнча буудайлар канчалык башы данга толсо, ошончолук ылдый ийилет экен.

Дагы бул талаада кара буудай деген чөп өсчү. Бирок бул башка буудайлар сыяктуу эмес, канчалык бийик өссө, ошончолук башы типтик болчу. Ал өзүн аябай бийик сезип, буудайларды такыр жактырчу эмес. Болбосо өзүнүн деле толтура кемчилдиктери бар эле. Ушуга карабастан өзүн дайыма мактап эле отурчу.

Бир куну мырза терек кара буудайдын талаа чымчыгы менен сүйлөшкөнүн угуп калат. Кара буудай чымчыкка карап:

— Карачы, мен деген тиги буудайлардын арасынан эн сулуусумун. Алардан боюм да узун. Көзгө көрүнүктүүсү эле менмин, -деп оозун чоюп мактанып жатыптыр.

Талаа чымчыгы кара буудайдын мындай мактанышын такыр жактырбай, жанынан учуп кетип калат. Карап турган мырза терек чыдай албай кара буудайга:

— Эй кара буудай, өзүңдү мынча мактай бербесен! Баарынын өзүнө жараша сулуулугу бар, — дейт.

Кара буудай мырза теректин бул сөздөрүнө аябай жинденет да:

— Хы, сен өзүндү карачы. Аябай эле карып калыптырсын. Ошончолук түрүн да суук болуп калыптыр,- деп мырза теректи мазактайт.

Муну угуп турган буудайлар:

— Эй, сен эмнеге мындай мамиле кыласын? Мырза терек деген сенден улуу да. Сен аны сыйлашың керек,- дешет.

Тилекке каршы, кара буудай бул сөздөрдү угуп да койбойт. Мына ушинтип күндөр өтө берет. Бир күнү кокустан шамал болуп, катуу жамгыр жаай баштайт. Талаадагы баардык буудайлар башын жерге ийип туруп калышат. Бирок жанагы кара буудай текеберленип такыр башын энкейтпей коёт экен. Анан баары ага:

— Башынды энкейт, — деп кыйкырышат.

А кара буудай болсо аларга:

— Эч качан эңкейбеймин, — деп жооп берет.

Гүлдөр да кара буудайга:

— Ээй, башынды эңкейт, катуу шамал келе жатат,- деп эскертишет.

Бирок кара буудай өз билгенин кылып, башын такыр эңкейтпей коёт. Акыры жамгыр да токтойт. Баардыгы башын өйдө көтөрүшөт. Анан алар айланасын аман соо бекен деп карашат. Бир маалда буудайлардын баардыгы көргөн көзүнө ишене алышпай туруп калышат. Анткени кара буудай капкара болуп күйүп кеткен эле. Анткени ал башын көтөрүп типтик турганда, ага чагылган түшүп бүт денесин күйгүзүп жиберген экен. Баары анын абалын көрүп айран-тан калышат.

Мына ушинтип текебер кара буудай өз жазасын алган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Кырк калп жомок25
Көмөч нан (колобок) жомок23
Карышкыр жана жети улак18
Карышкыр менен эчки18
Коён менен кирпи18
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *