«Жашоодогу эң кызыктуу нерсе — сенин аткарышына көзүн жетпеген ишти аткаруу»

Илгери-илгери бир заманда тоодо жашаган өөз ара жарыш өткөрүшөт экен. Бул жарыш кимдин тез учаарын аныктаган жарыш эле. Токойдогу баардык жан-жаныбарлар жана канаттуулар бүркүттөрдүн тез учкандыгын билишчү.

Мына ошентип жарышка даярдануу үчүн бүркүттөргө бир ай убакыт берилди.

Ошол токойго жакын жерде бир ак чардак жашачу. Ал дагы бул жарыш тууралуу угуп калды да, жарышка катышууну чечти. Анан ак чардак айланасындагыларга:

— Мен да бул жарышка катышам, ким мени менен бул жарышка катышат?- деп жар салды.

Ак чардактын бул айтканын уккан башка куштар: «Ушунча көп тез учкан бүркүттөр менен жарыша алат бекен? Бул бүркүттөргө тең келе алмак беле?»- деп аны карап күлүп жатышты.

Жада калса үй-бүлөсү да ага: Үй-бүлөбүздү уят кылбагын. Ак чардак эч качан бүркүттү ашкан эмес» — деп эскертүү беришти.

Ак чардактын жарышка катышуусун уккан бүркүттөр болсо: «Тим койгула, катыша берсин. Биздин кандай кыйын учаарыбызды өз көзү менен көрсүн»- дешти.

Ак чардакка достору келип бул чечимден баш тартуусу керектигин айтышса да, ал такыр айтканынан кайтпай койду. Анан бир ай бою кун-туну ал жан үреп жарышка даярданды. Машыгып жаткан ак чардак: «Мен эгер катуу даярдансам, анда сөзсүз женип чыгам» деп алдына зор максат койду. Анан жарышта женээрине толук көзү жетти.

Мына ушинтип бир ай өттү. Эми ак чардак эч бир чардактар чыга албаган бийиктиктерге уча баштады. Кала берсе жарышка катышкан бүркүттөрдөн дагы көп убакыт даярданды Алардан ашуу үчүн алар чыга ала турган бийиктиктерге чейин чыкканды үйрөндү.

Акыры жарышчу күн дагы келди. Ак чардак да келип жарышка катышуу үчүн атайын орун алды. Баардык канаттуулар жана жан-жаныбарлар ага мыйыгынан жылмайышып: «Бул байкуш азыр эле артта калат да, анан женилет — деп жатышты. Ошентип жарыш да башталды. Жарышта баардык бүркуттөр кайкып учуп, тээ алыстарга чейин жетип жатышты. Бир канча саатка созулган жарыштан кийин жыйынтык чыгаруучу маал да келди. Жарыштын женүүчүсүн жарыялаганда ага катышуучулардын баары тан калтырган окуя болду. Анткени биринчиликти ак чардак алды. Мына кызык.. Женишке кы йын деген буркуттер эмес, артта калат деп ойлогон ак чардак ээ болду. Ал баарынан бийикке учуп жана эн тез келди. Ошол жерде тургандардын баардыгы аябай таң калышты.

Мына ошол күндөн кийин куштар арасында ак чардак тын кайраттуулугу ооздон-оозго айтылып калыптыр. Демек максатка жетүү учун талыкпас эмгек керектиги чындык экен дигин ак чардак ушинтип далилдеген экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы66
Акылдуу кыз жомок52
Акылдуу балдар30
Кыска жана күлкүлүү жомоктор29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи20
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *