Үйүндө бир сындырым наны, отун-суусу да жок өтө кедей жашаган еврей болуптур. Бир күнү кыш чилдесинде ал бечара үйүнө араңдан зорго эки тыйын таап келип, колуктусуна айтканы:
– Өх, мына, өлүп-талып эки тыйын таап келдим, тезирек барып ушуга отун сатып келе калчы.
Колуктусу кудуңдап базарга жөнөйт. Бирок базардагылар отун үчүн эки тыйындан да алда канча көп акча сурашат. Болгону бир гана карапайым дыйкан төрт тыйынга бир таңгылчак отун берерин айтат. Тиги бечара аял ар кимден карыз сурап жалдырай баштайт, бирок эч ким ага карызга акча берүүгө муюбайт. Аял ыйлайт, ботодой боздоп:
– Отунга эки тыйын жетпей калган үчүн бир үй-бүлө кышында тоңуп өлөт деген не шумдук?! – деп муңканат.
Бирок ага ким кулак салмак, укса да пенделердин көбү кайдыгер гана жанынан өтө берет. Анан эле картаң бир еврей аялга жакын келип сурайт дейт:
– Кагылайын, эмне ыйлап атасың?
Аял ага өз күйүтүн айтат.
Картаң еврей (ал бирок жөн адам эмес, Илья пайгамбардын өзү болучу) чөнтөгүнөн эки тыйын сууруп чыгып аялга сунат да, үн-сөзү жок кетип калат.
Бечара аял сүйүнүп, бир таңгылчак отун сатып алат да, үйүнө келип болгон ишти күйөөсүнө айтат. Күйөөсү буга кубангандын ордуна зайыбына абыдан ачууланат:
– Бу эмне кылганың?! Эк, жүүдүрөгөн десе… Чалды эмнеге кетирип жибердиң? Менимче ал Илья пайгамбар болсо керек да!
Эрди-катын антаңдап базарга жүгүрөт. Издеп-издеп картаң еврейдин изин да таппай калышат. Бирок Илья пайгамбар аларга бакыт калтырып кетиптир. Анын тыйынына сатылып алынган отун эч бир түгөнгүс берекеге айланат.
Бир таңгылчак отундан канча көп алып жаккан сайын сарай ичи отунга толуп калчу болот. Эрди-катын арткан отунду четинен саткан сайын, канча көп сатса, отун кайра ошончо көбөйүп, баягы жарды бечаралар тез эле бакыбаттуу бүлөгө айланыптыр.