Жылымык тарткан жазгы күнгө жана заардуу баардын шамалына кыш бою жаткан кар туруштук бере албай чет-четинен сөгүлө баштады. Анан бат эле жер карарып, чөпкө жан кирди.
Жаныбарлар да, канаттуу куштар да – бары эле жаз келгенге көңүлдөрү шат, делебелери куунак. Бир гана ак коён сумсайыңкы, ат түгүл ыйлап да алган:

— Аппак кар, аппак кар, кете көрбө! Мени, ак коёнду, таштай көрбө! Сенин ак жүндөрүң менен мен бүт кыш бою душмандарымдан коргонбодум беле… Эми мына бул кара жерде, көк чөптө мен агарып турсам, баарына даана көрүнүп калам да, анан алар мени абдан капа кылышат. Аппак кар, аппак кар, кете көрбө! Мени, ак коёнду, таштай көрбө!
— Мен бул жерде кала албайм. Эгер кааласаң сенин ак тонуңду өзүм менен кошо ала кетейин. Кыш болгондо аны кайра сага ала келем. Жайга сен күрөң кемзел тигип ал. Күз бүткөндө мен, аппак кар, кайра эле келем, өзүңдүн ак тонуңду ошондо ала келем.
Ошентип алар маакулдашкандай кылышат. Аппак кар кетип жатып өзү менен коёндун ак тонун чече кетет. Бүт жаз, жай, күз коён күрөң чапанын чечпей сыраңдап секирип-секирип жүрө берет. Кыш келер менен кар досу анын аппак тонун ала келет.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Эне жана бейиштин мөмөсү248
Ак эмгек – даамдуу нан184
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)162
Акылман казы жомогу159
УБАДАГА БЕК ЖИГИТ123
Толубай сынчы жомок112
Алданган бүркүт99
Жорунун билемди үйрөнгөнү жомогу87
Көмөч нан (колобок) жомок86
Сырдуу сака81

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.