Аудиоcун угуу
Жомоктун тексти сүрөттөрү менен
Илгери илгери токойлордун биринде, кичинекей жыгач үйдө бир эчки улактары менен жашаган экен. Эчки токойго тамак издеп көп кетчү экен, улактарына минтип айтчу экен:
«Эч кимге эшикти ачпагыла, токойдо ач карышкыр аралап жүрөт». Эчки кайтып келип, эшикти кагып ырдайт: Кичинекей улактарым, балдарым!
Ачкыла эшикти, ачкыла! Апаңар келди,
Сүт алып келди.
Кичинекей балдар дароо эшикти ачып, энесин коё беришет. Ал аларды тамактантып, кайрадан токойго кетет.
Карышкыр мунун бардыгын угуп алып, эчки токойго кеткенде, акырын эчкинин үйүнө барып, ырдай баштайт:
Кичинекей улактарым, балдарым!
Ачкыла эшикти, ачкыла! Апаңар келди,
Сүт алып келди.
Кичинекей улактар жооп беришти: «Биз сени угуп жатабыз, бирок сен энебиз эмессин! Биздин энебиздин үнү башкача. Кет, карышкыр, кет!»
Эчки кайтып келип, эшикти кагып ырдайт:
Кичинекей улактарым, балдарым!
Ачкыла эшикти, ачкыла!
Апаңар келди,
Сүт алып келди.
Кичинекей балдар дароо эшикти ачып, энесин коё беришет. Алар энесине карышкыр кантип келип кеткенин айтып беришти. Ал аларды тамактантып, кайрадан токойго кетет. Кетип жатып дагы эскертет, эшикти эч кимге ачпагыла деп.
Эчки кетери менен, карышкыр үйгө чуркап барып, тыкылдатып, ичке үн менен ырдады:
Кичинекей улактарым, балдарым!
Ачкыла эшикти, ачкыла!Апаңар келди,
Сүт алып келди.
Улактар карышкырдын үнүн бул жолу тааныбай калышты, эшикти ачышты. Карышкыр үйгө кирип, балдарды бат эле сугунуп алды. Бир гана улак аман калды — ал мешке жашынып калды.
Эчки үйгө келсе, эшик ачык, ал эми үйдүн ичи бош. Мешке барса, бир улагы чыгат экен. Ал энесине болгон окуяны айтып берет, эчки аябай ыйлап, мындай деди:
Оо менин балдарым, кичинекей улактарым! Эшикти эмнеге ачтыңар, Ач карышкырга жем болдуңар?
Муну уккан карышкыр эчкиге:
— Сен эмне деп жатасың! Мен сенин балдарыңды жеген жокмун!
Эчки болсо карышкырды мүйүздөрү менен сүзүп жиберет, карышкырдын тарсайган курсагы жарылып кетет. Кичинекей улактар баары жерден секирип, энесине чуркашат.
Алар кайрадан бактылуу болуп жашап калышат экен.
Ооба жомок жакты.Мен бир ката таптымЭчки кетери менен эмес кетээри менен деп жазылатго
Эчки кетип жайтып эмес Эчки кетип жатып
жайтып
Рахмат, оңолду!
Оа да
Жакты соонун экен
Бул жомокту кичинелигимен укчу элем бул өзгөчө экен мен уккан, көргөн жомоктор өзгөчө эле
Баары туура деп ойлойм
Жомок жакшы чыгыптыр
Айтч
У болпойто