Илгери бир аял уулу менен жашачу экен. Алардын итинен башка жандыгы, бир теше жеринен башка байлыгы болбоптур. Уулун чоңойтуш үчүн аял бел чечпей иштеп, күнү тыным, түнү уйку көрбөптүр.

Ошенткен түйшүгүнө жараша бала акылдуу, күчтүү жана иштерман болуп чоңоюптур. Анан да ал чоордо жакшы ойночу экен. Талаадан иштеп келгенинен кийин чоорун алып тартканында анын сыйкырдуу добушун уккандардын баары арбалып, асмандагы булуттар токтоп, суулар акпай, канаттуулар сайрабай, бүт жан-жаныбарлар дымып, үн чыгарбай калышчу экен.

Адамдар анын мындай жөндөмүн асмандата мактап, өнөрүнүн кереметине суктанышчу экен. Ал тургай байлардын эч нерсени жактырбаган чойоке кыздары анын сыбызгыта чоор тартканына арбалып, алардын ар бири бул укмуш өнөрлүү жигиттин колуктусу болууну кыялданышчу. Бирок ал баардыгынан баш тартып, кыздарга көңүл бурбай койгонунда алар чоорчу жигитке кекене башташат. Кандай болбосун аны жок кылууну ойлонушту да бир жолу ал талаада жүргөндө бай кыздары желдеттерин тукурушуп, алар чоорчу жигитти терең чуңкурга түртүп жиберишет.

Уулун түнү бою күткөн эне көз жашы менен бетин жууп, акыры чыдабастан аны таап келүүгө итин жиберди. Ээсин издеген ит катуу үрүп, улуп-уңшуп талаа боюнча чуркап жүрдү.

Ал эми бала терең аңга кулап түшкөнү менен өлгөн эмес эле. Ал жөн гана эс-учун жоготуп койгон болучу. Эсине келген ал иттин үргөнүн угуп, атынан атап чакырып алды да, үйгө барып чоорун алып келүүсүн буюрду. Ит үйгө чуркап келип, чоор сакталган үйдүн үстүнө жүткүнүп үрө баштады. Эне иттин эмне каалап жатканын түшүнүп, чоорду ага алып берет. Акылдуу жаныбар ээсине кайтып келип, кереметтүү аспапты ээси жаткан аңга таштайт.

Кереметтүү чоордун биринчи эле сыбызгыган добушунан бала жаткан аңдын кырына түрдүү жаныбарлар келе баштап,  анын кырында өскөн бакка көптөгөн маймылдар жабышканда ал ийилип келип баланын колуна илинип, бул аркылуу бала сыртка тырмышып чыгат. Үйүнө аман-эсен кайтып келген бала апасы менен мурункудай эле бактылуу жашап калышат. Бирок байлардын кыздары анын аман-эсен кайтып келгенин көрүшүп, тынч жата алышпайт. Бул жолу алар баланы мергенчиликте жүргөн жеринен желдеттерине түбү жок жер куюна  түрттүрүп жиберишти.

Ошентип жердин жети катмарына түшүп кеткен бала үч жыл бою ал жакта күндү көрбөй  адашып, жалаң өсүмдүктөрдүн тамыры менен азыктанып, караңгы дүйнөдө тентип жүрүп акыры бир жарык шоолага көзү урунуп, ал жакты карай тырмышып чыгып келет. Жер үстүн, жарык жашоону көрөт. Эки жакты каранып алган бала алыс эмес жерден түшүмү бышкан күрүч талаасын байкап, кубанычка балкып ошол жакты көздөй жөнөдү.

Үч жыл ичинде жуунуп-таранбагандыктан ал кебетесинен кетип, адамга эмес маймылга окшоп калган эле, андыктан бул күрүч талаасын кайтарып турган эки кыз аны адам эмес маймыл катары санашып, жакын жердеги куралчан кароолчуларды чакырмакчы болушканда бала кыйкырып жиберди:

— Мен маймыл эмесмин,  адаммын! Силерге жамандык кылбайм. Кайра күрүчүңөрдү маймылдардан коруп жардамымды тийгизем.

Ошондон баштап ал кыздардын күрүч талаасын кайтарып калды. Ал эми кыздар ага кезектеше күрүч ботко ташый башташты. Кыздардын улуусу балага келип, алыстан эле оройлоно кыйкырды:

— Мына сенин боткоң!  Түрү суук желмогуз тезирек жеп, идишти бошот.

Экинчи жолу ага кичүү кыз ботко алып келди. Ал балага жапжакын келип акырын айтты:

— Мына бир тууганым, сага өзүм жасаган боткону алып келдим. Шашпай жегин. Тамагың таттуу болсун.

Бир жолу эки сиңди боткону бирге алып келишти. Бала алардан уруксат сурап, сууга барып киринди, тарак алып түйдөктөлгөн чачын тарап, келишкен жигит болуп чыга келди. Баягы оройлонуп жаткан улуу кыз бир көргөндө эле аны сүйүп калып, күйө кылып алмакчы болду. Андан кийин кичүүсү ансыз жашай албасын түшүндү. Ошентип экөөнүн ортосунда талаш чыгып, бул тууралуу алар атасына айтышып, калыстык кылуусун өтүнүштү. Ал буга таң калган жок, жөн гана жылмая берип, мындай шарт койду:

— Биздин үйдүн жанында эки талаа бар: бирөөсү түз жана таза, экинчиси аң-чөнөктүү, баткак -ылайлуу. Эртең экөөңөр эрте туруп аларга бир-бирден түшүп иштей баштагыла. Жигит кимиңерге барып жардам берсе ошонуңарга аны үйлөнтөм.

Улуу кыз таң атпай туруп, жумушу аз жакшы талаага барып иштей баштады. Ал эми кичүү кызга жаман талаа тийип, ал кыйналып иштеп жатканда ага боору ооруган жигит барып жардам берди.

Улуу кыздын буга абдан жини келип, атасына мындай деди:

— Бул жигит абдан макоо окшойт, жумушу аз жакка барбай, жумушу оор жакка качырды.

Атасы буга жылмайып койду да, мындай деди:

— Болуптур, эртең экөөңөр ага тамак жасап бергиле, ал кимдин тамагын жесе ошонуңар ага турмушка чыгасыңар.

Улуу кыз апакай күрүчтөн тандап алып, палоону эликтин жумшак эти менен басты. Ал эми кичүү кыз күндө тамак даярдап жүргөн күрүчтөн аш дымдап, ага майда чабак кошумчалады. Бул жолу да бала кичүү кыздын тамагын жеди.

— Бул кандай келесоо неме? Апакай күрүчтөн жумшак эт кошулуп басылган палоону жебей, адырадай кара ашты жеди!- деп улуу кыз атасына арызданды.

Атасы буга жылмайып койду да, мындай деди:

— Эми экөөңөр ага арнап төшөк салгыла. Ал кимдикине барып жатса, жеңиш ошонуку.

Улуу кыз бул жолу да сиңдисиникинен артыкча кылып аппак шейшептүү, мамык жаздыктуу, калың жууркандуу төшөк салды. Ал эми кичүү кыз өзүнүн күндө жатып жүргөн төшөгүн төшөдү.

Бул жолу да жигит төшөктүн жөнөкөйүн тандап, кичүү кыздын жупуну жуурканына жамынды.

Ошонун эртеси атасы алардын үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүп баштарын кошту. Кайнатасы жигитке жакшы чоор белек кылып, анын сыбызгыган үнү бүт жандуулардын жүрөгүн ээледи.

Көп өтпөй жигит жаш колуктусу менен жерине кайтып келип, кайгыдан мүңкүрөгөн апасын жерден көтөрүп, алаканына салып бага баштап, анан алар баардыгы бактылуу жашап жатып калышты.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Кырк калп жомок25
Көмөч нан (колобок) жомок23
Карышкыр жана жети улак18
Карышкыр менен эчки18
Коён менен кирпи18
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *