жылдыздар жана дарактар өз ара сүйлошүп турушчу экен. Бир күнү эрте менен күн шамал менен сүйлөшөт. Бирок аны менен сүйлөшкөнүнө аябай бушайман болуптур. Анткени шамал досторунун арасынан эң эле урушчаагы болуп, баарын кемсинтип, дайым өзүн бийик койчу имиш. Бул жолу да көн шамал досуна жакшы суроолорду берсе, шамал негедир тескери жооп берип:

— Күн, сен өзүндү бул ааламда эң күчтүүмүн деп эсептейсин ээ. Чындыгында таптакыр андай эмессин. Баарынан мына мен күчтүүмүн, -дейт экен.

Досунун бул айтканына таң калган күн:

— Бул кандай сөзүң? Сен эмнеге мындай оройлонуп жатасын? Кайдан билесин өзүндүн баарынан күчтүү экенинди? — дейт.

Анда шамал:

— Жообу опоной. Мына сен эртеден кечке асманда асылып турасың. А мен болсо топуракка, инсандарга, айбандарга дагы да жакынмын. Каалаган убакта каалаган нерсемди кулатып кете берем. Эч ким буга каршы чыга албайт,- деп мактанат.

Анда күн:

— Ооба, бул айткандарын туура. Бирок муну сөз менен эле айта бербестен, иш жүзүндө да көрсөтүш керек. Болбосо баары эле күчтүүмүн дей берет. Бир жарышып көрбөйлүбү? Ким күчтүү экенин иш жүзүнде көрөлү,- дейт күн шамалды шылдындай.

Урушаарга жоо, урунаарга тоо таппай турган шамал дароо эле макул болот. Анын макул болгонун көрген кун:

— Кана баштайлы анда! Мына бул жолдо бара жаткан адамдарды көрүп турасынбы? Баары калың кийинип баратышат. Мына булардын үстүндөгү кийимин кимибиз чече алаар экенбиз? — деген шарт коет.

Адегенде эле шамал дароо шуулдап ары-бери уча баштайт. Адамдардын жүзүнде өзгөрүү көрө албаган шамал демейдегиден да катуураак шуулдай баштайт. Шамал катуулаган сайын адамдар ого бетер кийимдерине кымтылана башташат. Буга жинденген шамал куюнга айланат. Аягында адамдарды чечиндирүүнү ишке ашыра албаган соң, бул иштен баш тартууга аргасыз болот.

Эми жарыштын ирети күнге келет. Ал эч кыйынчылык тартпастан эле акырын-акырын жылуулугун көбөйтүп отуруп, айланага жарыгын чача баштайт. Бул жылуулукка куштар сайрап, гүлдөр ачылып, адамдар болсо устүндөгү кийимдерин чечишет. Жада калса, жүздөрүнө күлку, жылмаюу пайда боло баштайт.

Күн минтип эч кыйналбастан адамдарга кубаныч тартуулаганына аябай сүйүнөт. Анан шамалга карай жылмайып, жарышты утуп алгандыгын билдирет. Шамал буга аябай жинденет. Ачуусун токтото албастан башка жактарга зуулдап учуп кетет.

Мынакей, эгер биз баардыгына жылуу мамиле кылсак, анда баарын кубантабыз. Тескерисинче, өзүбүздү баарынан кыйынбыз деп ойлосок, анда жек көрүнүп калабыз. Ошондуктан баардыгына жакшы, жагымдуу мамиле жасашыбыз керек. Анан дагы ар биринин жасаган өзүнүн пайдалуу иштери бар экендигин да унутпашыбыз керек.

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *