«Жоомарттык ашыкча бергендик эмес, ордунда жана убагында берүү»

Илгери-илгери бир заманда кичинекей бир жетим кыз жашаптыр. Ата-энеси каза болгондон кийин ал үстүндөгү бир көйнөгү, колундагы бир туурам наны менен калып калат. Байкуш кыз эми минтип жашай албастыгына көзү жетип, башка жакка барып, жатканга жай, жегенге нан издешим керек деп ойлоп отуруп, акыры алыскы жолго чыгат.

Кыз жолдо баратып бир абышкага жолугуп калат. Абышка абдан карыган, оорукчан эле. Ушунчалык катуу ооругандыктан, колундагы таягы болбосо жерге кулап түшчүдөй кебетеде болчу.

Ал абышка жетим кызды көрүп:

— Кызым, мен аябай ачкамын. Канча күндөн бери эч нерсе жей элекмин. Кудай үчүн мага бир тиштем нан берип койчу,- дейт.

Жетим кыз абышкага аябай боору ооруйт. Өзүнүн курсагы анчалык ача элек болгондуктан дароо колундагы нанын абышкага берет. Абышка кызга ыраазы болуп, рахмат айтат. Кыз андан ары жолун улап баратып кичинекей баланы көрөт. Ал бала аябай титиреп үшүп жаткан эле. Бала байкуш айласыздан:

— Эжеке, аябай үшүп атам. Башым тоңуп калды,- дейт.

Баланын жалынган үнүн уккан кыздын көңүлү чыдабай, башынан такыясын чечип, баланын башына кийгизип коёт да жолун улантат.

Эми анын алдынан бир карыган кемпир чыгат. Ал да кызга арманын айтып:

— Кызым, мени балдарым карып калган чагымда үйдөн кууп чыкты. Аябай үшүп да калдым. Анан бараар жерим дагы жок. Ушул үстүндөгү көйнөгүңдү мага берчи. Болбосо, азыр тоңуп калам, — деп жалынат.

Кичинекей кыз мен бул апага караганда жашмын, суукка да чыдаймын деп ойлойт да, көйнөгүн чечип, кемпирге берет. Өзү андан ары жолун улантат.

Ошентип жол жүрүп баратып буттары тоңуп калган бир тилемчини көрөт. Анын буттары тоңгону аз келгенсип, бүт денесин жара басып кетиптир.

Ал байкуш кызга карап:

— Кичинекей кыз, бутуңдагы бут кийимиңди мага берчи. Буттарым үшүп жатат. Минтип жара да басып кетти,- дейт жалооруп. Кыздын тилемчиге ичи ачышат да, бут кийимдерин дароо эле чечип ага карматат.

Мына ушинтип кыз кайра жолун улантат. Аңгыча айланага караңгы кире баштайт. Бул учурда кыз токойдун четинде бараткан болчу. Ал корккондуктан эми бат-бат баса баштайт. Бир маалда кулагына онтогон бир үн угулат. Кыз акырын тыңшаса бирөө:

— Тоңуп баратам. Кийим бере турган жан барбы? — деп жалынып жатыптыр. Муну укканда кыз ким экенин карабай эле үстүндөгү калган кийимин чечип, үн чыккан тарапка ыргытып, шашыла кетип калат. Анткени кыз «караңгыда мени эч ким деле кербейт» деген ойдо эле.

Ушинтип түн да кирет. Кыздын курсагы ачып, бир жактан кийимдери болбогондуктан үшүй да баштайт. Мындай абалда ал алыска бара албайт эле.

Акыры кыз чарчап жерге отура кетет. Анан бир маалда жатып алып, асманды карайт. Асман кызга эң бир укмуш көрүнөт. Жакшылап караса, жылдыздар кызга көз кысып ойноп жаткандай сезилет.

Бир саамдан кийин,баардык жылдыздар кыздын жанына түшүп, кызга көйнөк болуп калышат. Алардын жанында көйнөккө кошо бир кол баштык да бар эле.

Бул белектердин баары жетим кыздын өз абалына карабастан, ушунчалык боорукерлик кылып башкаларга кылган жардамы учун жылдыздардын белеги эле.

Мына ошол кечтен баштап боорукер кыз жашоосунда такыр ачкачылыктын жана кыйынчылыктын азабын тартпай жашап калыптыр. Жана дагы башкаларга жардам берип, мурункудан да берешен болуп калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы57
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок28
ЖАЛКОО21
Кыска жана күлкүлүү жомоктор21
Коён менен кирпи20
Акылдуу кыз16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *